Menu

Кылык кылган кыз кылык кылбагандын бетин тырмайт – Сөз эркиндигин коргоо комитетитин билдирүүсү

Бөлүшүү:

Бишкек, 8-март, 2019-жыл

Сөз эркиндигин коргоо комитети – Орусия Федерациясынын Бишкектеги элчилиги дипломатиялык эрежелерди карманып, Кыргызстандын мамлекеттик эмес телеканалдарынын берүүлөрүнүн мазмунуна баа бербөөгө тийиш жана аларды сынга албаш керек деп эсептейт.

Нарын Айып – белгилүү кыргыз журналисти, көп жылдык эмгеги менен ал өзүнө оң аброй топтогон жана көптөгөн курч маселелер боюнча өз пикири бар. Кыргызстандын мурдагы бийлиги ага каршы сот иштерин ачып, миллиондогон доого жыгууга аракеттенген, бирок анын ишмердигин токтото алган эмес. Чет өлкөлүк элчиликтер дагы анте албайт.

Орусия элчилигинин – Нарын Айып фейк жаратты дегени өзү фейк. Элчиликтин айтымында, Кыргызстандагы жаш армиячылар орусиялык адмиралга ант берген деп Нарын Айып 4-марттагы «Кеп ошондо» деген программасында калп айткан. Чындыгында Нарын Айып – өспүрүмдөр орусиялык адмиралга ант берди деген эмес, ал минтип айткан:

«Жаш армиячылардын катарына кошулган Кыргызстан жаштары ал иш-чара учурунда ант да бериптир, андан соң Орусиянын Аскерий-деңиз флотунун баш ордосунун жетекчисинин орун басары, контр-адмирал Владимир Земсков жаштарга атайын туу да тапшырыптыр. Демек, Кыргызстан жаштары салтанаттуу антты орусиялык адмиралга бергендей болуп уюштурулган».

Анын алдында, 2019-жылдын 3-мартында, Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги өз интернет-сайтына «Киргизияда генерал Панфиловдун юнармиялык отряды пайда болду» деген жаңылык чыгарган жана анда: «Киргизия Республикасында генерал-майор Панфиловдун атындагы Юнармия отряды пайда болгону менен байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү», – деп айтылат.

Бул жаңылыкта Канттагы орусиялык аскерий база жөнүндө же ант бергендер ошол базада кызмат өтөгөн орусиялык аскерлердин балдары экени тууралуу бир да сөз жок. Ошондуктан Нарын Айып: «Орусиянын үлгүсү менен Кыргызстанда дагы Жаш армиячылар уюму түзүлгөнбү? Эгер андай болсо, аны ким түзгөн, анын жетекчилери ким, ким каттаган жана алардын устав менен башка эрежелери кандай? Эмне үчүн Кыргызстандын жаш армиячыларынын антын ошол кыргызстандык жетекчилер кабыл албайт?» – деген суроолорду койгон.

Дагы башка орчундуу суроолор жаралат. Кийин «Бешинчи каналдын» журналисттери Кыргызстандын маданият, билим берүү, коргоо министрликтери менен байланышканда, Кыргызстандын Улуттук опера жана балет театрында болуп өткөн бул иш-чара тууралуу алар кабардар эмес экени аныкталган. Орусия элчилигине кайрылганда болсо, алар «Бешинчи каналга» интервью берүүдөн баш тарткан.

Мындай билдирүүлөрдү таратуу менен Кыргызстандагы Орусия элчилиги дипломатиялык протоколдун чегинен чыгып кетип жатат жана эгемен кыргыз мамлекетиинин ички иштерине кийлигишүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дагы бул маселе боюнча өз пикирин билдирбегени бизди таң калтырат.

Аны менен катар, биз Орусиядагы Кыргыз элчилигинин көңүлүн дагы ушуга окшош маселелерге бургубуз келет. Орусиянын телеканалдары же башка маалымат каражаттары Кыргызстандан Орусияга барып иштеген эмгек мигранттары тууралуу ар башка терс маалыматтарды таратат. Ошолорго дагы Москвадагы кыргыз элчилиги тийиштүү реакция кылыш керек го?

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: