Дүйнөгө парламенттик өлкөбүз деп жар салып келдик эле. Кыргыз Республикасы үчүн парламенттик өлкө эмес, парламенттин өзүнүн кереги жок экени көрүндү. Парламент бир жөнөкөй байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлай албагандан кийин, кайсынысына парламент боло алат? Деги эле байкоочу кеңештин кереги барбы? Менин көз карашымда жалпы коом үчүн кереги жок. Кеңеш өз алдынча иш алып бара албайт. Болгону бийликке керек адамды жумушка коюп, керексизин кызматтан кетирип туруу үчүн түзүлгөн, элдин көзүн будамалоочу структура. Бул структура бийликке таасири бар адамдар үчүн гана керек. Эл үчүн аукцион, тендер, конкурс, реформа, банкрот, кыскартуу дегендин баары байкоочу кеңеш сыяктуу элди алдап өлкөнү талап-тоноонун жолдору деп эсептейм. Аукцион, тендер, конкурсту карапайым бир дагы адам ута албайт, жогорку жактан даярдалган кишилерге бериле турган шыбага. Реформа таламайдын мыйзамдуу жолу. Банкрот, чоңураак чиновиктин көзү түшкөн, мамлекеттик мекеме – ишканаларды басып алуу үчүн жасалган мыйзамдуу кадам. Кыскартуу бирин-серин карапайым калктын өкүлдөрүн кызматтан кетирүү. Коррупция менен күрөшүү деген, биздики, башкалар деп элди экиге бөлүп, бир тарабын кубалап камап, өз табагына күл тартуу болуп келе жатат. Ушул жат көрүнүштөргө каршы тура албаган эл шайлаган парламенттин кереги эмне? Дегеле КТРдин байкоочу кеңешине өткөрүлгөн чуудан кийин парламенттин иштөөгө моралдык укугу барбы? Өздөрү тарап кетишпейби, тарашса эл аз болсо да уяттары бар экендейт эле…
Азис Мамбетмусаев, Бишкек шаары
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ