Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы агенттиктин директору Шухрат Сабировдо элдин кызыкчылыгы деген түшүнүк такыр жок экен. Мамлекеттик жетекчилерди дагы тоготпой турганы билинди. Кимге таянып мурдун балта кеспей жатат? Шиши толгонду кыргыз эли тез эле чыгарып коё турганын эске алганда, Сабиров эси барда этегин жыйып иштеши зарыл. Дегенибиз, бензин, солярканын баасы 31-32 сомдон ашпаш керектиги Жогорку Кеңеште айтылып, өкмөткө тапшырма берилди. Өкмөт бул боюнча жыйын өткөрдү. Бирок жыйынтык жок. азыр бензин 40 сомдон сатылууда. Ортодогу 8 сомдук айырма Сабировдун чөнтөгүн толтуруп жаткан жокпу деген суроо туулат?.. Бийлик үлкөндөрүнүн Шухратка “тиши” өтпөсө, абалдары чатак эле экен…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ