Menu

КР ЖКнын Төрагасы Дастанбек Жумабековдун 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Бөлүшүү:

Ардактуу айымдар!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Аялзатынын коомдогу ролу өтө зор. Үй-бүлө түйшүгүн көтөрүп, коломтосунун очогун өчүрбөй, ишин да чоң жоопкерчилик менен аткарган аялзаты дайыма жакындарынын бактысы үчүн күрөшөт. Балдарына өмүрүн арнап, алардын татыктуу инсан болуп калынтанышында көп эмгек жумшайт.

Айрыкча, азыр эже-карындаштарыбыз билим берүү, медицина, экономика, айыл-чарба сыяктуу бардык тармактарда жигердүүлүк менен ийгилик жаратып, Кыргызстандын келечегине керектүү болгон бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырып келет. Биз алардын жарандык жигердүүлүгүнө жогору баа берип, акылмандыкты, аруулукту жана мээримдүүлүктү туу туткан улуулугуна таазим этебиз.

Кымбаттуу апалар жана эже-карындаштар!

Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм! Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр жана бакыт тилейм! Жаз күнүндөй жаркын маанайда, үй-бүлөңүздөрдүн куту болуп аман жүрүңүздөр! Ишиңиздерде ийгиликтер көп болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы                         Дастанбек     Жумабеков

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: