Бүгүн, 9-мартта Атамбаевдик режимдин саясый туткуну, Чүй облусунун Молдовановка айылындагы абакта жаткан Садыр Жапаров апасы Кадижа Максүтованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына Түп районунун Кең-Суу айылына келди.
Кадижа Максүтова апа 87 жаш курагында Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-март күнү көз жумган. Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов ошол эле күнү КР Президенти Сооронбай Жээнбековго Садыр Жапаровду апасына топурак салуу үчүн абактан убактылуу чыгарып турууга жардам берүүсүн суранып, кайрылуу жасаган.
2017-жылы 20-сентябрда Садыр Жапаровдун атасы Мустали уулу Нургожо 90 жашында каза болгондо Атамбаевдик режим Садыр Жапаровго атасына топурак салганы уруксат бербей койгон.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ