Menu

Дүйнөдөгү эң атактуу вундеркинддер

Бөлүшүү:

Ким Унг Йонг

Кудай ар бир инсанды жаратканда ага талант, өзгөчө өнөр кошо берет. Ал талант айрымдарда эрте жашынан ачылса, айрымдарда кеч ачылат. Биз эрте жашынан элдин оозун ачырган вундеркинддер тууралуу баяндайбыз.

Акрит Иасуал

Индиянын тарыхындагы эң акылдуу бала. Ал 7 жашында өзүнүн биринчи хирургиялык операциясын жасаган.

Окита Содзи

Япон вундеркинди аталган Окита Содзи интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү анча болбогону менен спортко абдан кызыккан. 9 жашында кылыч кармап, согуштун бардык эрежелерин так билгенге жетишкен. 12 жашында фехтования боюнча чебер, 18 жашында согуш искусствосунун чебери аталган.

Ким Унг Йонг

Корей вундеркинди Ким Унг Йонг 6 жашында физикалык факультетти аяктап, 15 жашында докторлугун жактаган. 7 жашында АКШнын NASA башкармалыгына ишке чакырылган.

Грегори Смит

2 жашында окуганды үйрөнгөн. 10го чыкканда жогорку окуу жайга тапшырган. 4 жолу Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Вольфганг Амадей Моцарт

4 жашында фортепианодо ойной баштаган. 5 жашында өзүнүн чакан пьесаларын жазып баштаган. 8 жашында биринчи симфониясын жазып бүтүргөн.

Уильям Джеймс Сайдис

Уильям дагы эң акылдуу вундеркинддердин катарын толуктайт. Анын IQ коэффиценти, Кимдикинен дагы жогору – 250дөн баштап 300гө чейинки көрсөткүчтү түзгөн. Бир жарым жашында ал «Нью-Йорк Таймс» гезитин окуган. Ал эми 11 жашында Гарвард окуу жайына тапшырган. 40 тилде кенен сүйлөп, 3 жашында Гомердин оригиналын толугу менен окуп салган. Илимге баш оту менен кирген Уильям өспүрүм чагында эле эч качан үйлөнбөсүн билдирген. Бирок керемет бала узак өмүр сүргөн эмес. Ал 1944-жылы мээсине кан уюп каза тапкан.

Пабло Пикассо

12 жашында сүрөтчүлөрдүн арасында кадыр-баркка жетип калган. 16 жашында эң биринчи сүрөт көргөзмөсүн өткөргөн. Кызыгы, ал таланттуу сүрөтчү болгону менен башка сабактардан өзү теңдүүлөрдөн артта калган. Буга мисал катары анын 16 жашка чыкканга чейин шар окуй албагандыгын айтып келишет.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: