Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Бул абалда Алмазбек Атамбаев командасына жаңы жүздөрдү тартуу өтө кыйын”

Бөлүшүү:

КСДПнын ичиндеги тиреш апогейине жетип туру. Дегенибиз, апрелдин башына белгиленген эки курултайдын биринде партиянын башы ачылып, экс-ажого же саясий кеңештин мүчөлөрүнө өтүшү мүмкүн. Ушул маселенин тегерегинде белгилүү саясий аналитик Табылды мырзаны кепке тартып, оюн уктук.

—Табылды Абдраманович, экс-ажо Алмазбек Атамбаев кечээ жакында жыйын кылып, саясатка аттанганы турганын шардана кылды. Анын «реаблитация» болгонго шансы барбы?

—Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн мөөнөтүн аткарып жаткан учурунда өтө көп катачылыктарды кетирди. Ал 7-апрель революциясында курман болгон жаштардын үмүтүн актаган жок. Алардын жайынын алдында туруп айткан убадаларын аткарбады. Атамбаев кадр саясатынын ташын талкан кылды. Өзүнүн илгерки шопурун, секретаршасын, завхозун, жардамчыларын бийликке алып келип, бийликти узурпациялап, өлкөнүн экономикасынын бардык тармагын көзөмөлгө алууга жетишти. Коррупция гүлдөп өстү. Бүгүн ошого Атамбаев жана анын жакындары коррупциянын анабашы болуп алгандарын айтып жатышат. Бул өтө өкүнүчтүү. Бирок, ошондой болсо да эл Атамбаевге алты жыл чыдады. Себеби, эл үчүнчү революцияны каалаган жок. Мен Атамбаевдин бийлиги Батукаевди эркиндикке чыгарып, кызыл килем менен самолетко салып, өлкөдөн чыгарып жибергенде эле түңүлгөм. Атамбаев жана анын тегереги бул кылыгы менен Бакиевдин бийлигинен эч айырмасы жок экенин көрсөтүп койду деп ошол кезде айткам. Ошондон кийин, биз, эксперттер Атамбаевди сындайбыз, бирок, өз мөөнөтүнүн аягына чейин чыгуусуна мүмкүнчүлук беребиз дегенбиз. Биз ошол убадабызга турдук. Бирок, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин дагы, кайра чоң саясатка баргысы келип жатат. Менимче, бул туура эмес. Атамбаев 6 жыл өлкөнү башкарды. Кантип башкарганын баарыбыз көрүп турдук. Бүгүн ага эл ишенбейт. Өткөндө эл аралык уюмдардын сурамжылоолору көрсөткөндөй ага бүгүн 3% гана эл ишенет. Ошого, бүгүн Атамбаевдин чоң саясатка кайра кайтып келүүсүнө көпчүлүк эл каршы. Атамбаев реабилитация боло албайт. Тескерисинче, ал бийликти узурпациялады деген негизде камалып кетиши мүмкүн экени айтылып жатат. Жакында эле эркиндикке чыгарылган Б.Асанов бул боюнча катуу иштеп жаткандарын билдиришти.

—Экс-президент КСДПны парламенттик шайлоого жетектей турганы айтыдууда, тизмеге жаш, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөрдү кошо алабы?

—Бул Атамбаев жана анын тегерегиндегилердин кыялы гана. Анын тизмеси жаш, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөрдөн болот деген сөзгө ишенүү кыйын. Себеби, Атамбаев жана анын командасы өлкөдөгү негизги коррупционерлер катары каралып жатат. Бул абалда Атамбаев командасына жаңы жүздөрдү тартуу өтө кыйын. Жаштар эч убакта коррупцияга шектелип жаткан экс-президенттин партиясынын тизмесине кирбейт. Жаңы саясатчылар коррупционер аталган Атамбаев менен бириге калып, атын булгап алгылары келбейт. Алар өзүлөрүнүн абийирин, ар-намысын булгап алгандан коркушат. Атамбаев аларды партиянын тизмесине бекер киргизем десе да, макул болушу кыйын болот. Жаштар тескерисинче, аты жана заты таза партиялардын тизмесине киргенге аракет кылышат. Алар саясатка таза жана жаңы жүз катары киргилери келишет.

—Деги эле өлүккө айланган КСДПны тирилткенге болобу?

—Жок, КСДП «өлүк» партия эмес, азыр «тирүү». Анын жетекчиси «өлүк» болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Башкача айтканда, жетекчиси өз доору бүтүп калганын моюндагысы келбей жатат. Эгер Атамбаев жана анын тегереги КСДПны өткөрүп берсе, партия кайрадан коомдогу өзүнүн жүзүн, таасирин калыптандыра алат. Тез эле мурдагыдай таасирдүү саясий бирикме болуп чыга келет. Канткен менен КСДПнын карт тарыхы бар.

—Жер-жерлерде жыйын өткөрүп жаткан «Атамбаевсиз КСДП» деген топту Парламенттеги КСДП фракциясындагы лөктөр колдосо, экс-президенттен ажыратып кетиши мүмкүнбү?

—«Атамбаевсиз КСДП» өтө чоң иш жасады. Алар партиянын ичинде туруп, бийликти монополиялап алган жетекчилигине каршы чыкты. Бул проблемага коомчулуктун көңүлүн бурдура алды. Атамбаевдин ким экенин жалпы коомчулукка билдире алды. Ошого бүгүн Атамбаевдин коомдогу таасири 3%ды араң түзүп калды. Эгерде булар саясий кеңеш менен бирдикте курултай өткөрө алышса, анда булар өз максаттарына жете алышат. Атамбаев жана анын тегерегиндеги ат кошчулары партиядан чыгарылат.

—Жакын арада КСДПга саясий салмактуулардан кимдер кошулат деген ойдосуз?

—Албетте, саясий партия болгон соң, өзүнүн курамын дайыма коомго таасири бар, саясатчылар менен толуктап турат. Сөз жок, КСДПнын курамына жаңы саясатчылар кириши турган иш. Бирок, ич араталаш болуп, ырк кеткен партиянын курамына эч ким киргиси келбейт. КСДП Атамбаевди партиядан чыгарып, бөлүнүп-жарылбай, толук кандуу иш жүргүзө баштаганда гана башка саясатчылар ага кызыгып, анын курамына кириши мүмкүн.

—Учурдагы бийликтин негизги оппозиционери болуп жаткан Алмазбек Атамбаев десек жаңылышпайбыз. Экс-президент, аттан түшсө дагы, ээрден түшкүсү келбей жатканынан улам тиреш башталган десек болобу, муну сиз кандай баамдайсыз?

—Бийлик Атамбаев менен күрөшкөн жок. Атамбаев мөөнөтү бүткөнүнө карабай, КСДПнын саясий кеңешинин жетекчилигине келип алып, бийликти монополия кылып алгысы келгендиктен ич ара пикир келишпестик жаралып, конфликт болуп жатат. Атамбаев чоң саясатка баруудан мурда КСДПнын ичинде конфликт болбогудай кылып бардык тараптардын пикирлерин угуп, аны талдап, анан чечим кабыл алышы керек болчу. Бийликке таянып, текеберленбеши керек болчу. Анан калса, командасы менен толук коррупцияга шектелип жаткан экс-президенттин кайрадан партиянын башына келишин жөнөкөй партия мүчөлөрү туура эмес көрдү. Ошого Атамбаев чоң конфликтүү абалга кептелип калды.

—Кийинки айдын башы менен, тагыраагы 3-апрелде СДПК партиясынын съезди өтөт деп парламенттеги СДПК фракциясынын лидери айтты. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев башында турган СДПКчылар 6-апрелде өткөрөбүз дешти. Кимисинин съезди мыйзамдуу, анан негиздүү болот?

—Иса Өмүркулов менен Сагынбек Абдырахманов айтымында 34 кишиден турган саясий кеңештин 19 мүчөсү катышкан кеңешмеде партиянын 18-съездин 2019-жылдын 3-апрелинде өткөрүү чечими кабыл алынган. Башкача айтканда бул кеңешмеде чечим кабыл алынып жатканда кворум болгону айтылууда. Демек, Иса Шейшенкулович башында туруп өткөргөн саясий кеңештин чечими мыйзамдуу. Мунун өзү жер-жерлердеги ячейкаларда 3-апрелде өтө турган партиянын съездин колдошот. Атамбаевдер 6-апрелде съезд өткөргөнү менен аны КСДПнын региондогу ячейкалары колдобой коюшу толук мүмкүн. Себеби, Атамбаевдин тегереги КСДПнын ЖКдагы фракциясы менен дагы конфликте болчу. Бүгүн саясий кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү (19 киши) фракция лидери И.Өмүркуловду колдоп жатканы белгилүү болуп олтурат. Демек, тараза ташы чындык тарапта.

Маектешкен: Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: