Menu

Рыскелди Момбеков, КСДПчы: “Соттор адамдын тагдырын, мыйзамды сындырышы мүмкүн, бирок мени сындыра алышпайт”

Бөлүшүү:

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун үстүнөн УКМКга даттанды. Арыз-доомат Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу берилген. УКМК «депутат суракка эмес, төрага менен кызматтык жолугушууга чакырылды» деп маалымдады. Жогорку соттун төрайымы болсо «Момбековдун сот тууралуу айткандары жалпы коомчулукта сот системасы тууралуу терс пикир жаратат» – деп билдирди.

Рыскелди Момбеков парламентте элдин көйгөйлөрүн көп көтөрүп, маселени курч койгон депутаттардын бири. Өкмөттү, күч түзүмдөрүн, сот системасын кескин сындап келгени менен да белгилүү. Мындан улам, Жогорку соттун төрайымынын өзү Момбековго кастарын тигип жатканын эске алсак, эл өкүлүнүн оозун жабууга кызыкдар болгон чоң күчтөр бар экенин айгинеледи. Жогорку соттун төрайымы чычалап жаткан маселенин өзөгү ушул жакта жатат.

Буга дейре Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаев өткөн айда Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушкан. Анда жергиликтүү тургундар жерге байланыштуу көйгөйлөрүн айтышкан. Момбеков сот чечимдерин айыптап сүйлөгөн жана бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүүгө убада берген. Жолугушууда депутат Момбеков: «Мен соттордун чечимине таң калып жатам, – деген ал. – Эгер Кыргызстанда кийин же эртең, жакын арада чоң толкундоо чыга турган болсо, бийлик менен оппозициянын келишпестигинен эмес, карапайым эл менен соттордун алакасынан чыгат. Убагында ушунча адамга уруксат берип, силер жерди сатып алып там салдыңар. Анан силердин каражатыңарды карабай туруп эле «бул тамдардын баары мыйзамсыз салынган, бузулушу керек» деген өкүмдөрдү чыгарып жатышпайбы. Силерге башка жактан жер береби, каражат береби деп ал жагын карабай эле, «бул жер мыйзамсыз берилген» деп токтом чыгарып коюп жатышат. Соттордун өз элине карата катаал өкүмдөрү карапайым элдин канын ичип жатат», – деп айткан.

Ал эми Жогорку соттун төрайымынын өтүнүчү, кыйыр түрдө талабы менен УКМК 5-мартта Рыскелди Момбековду чакырды. Бул тууралуу депутат: «Мен комитеттин жыйынында отурсам жардамчым: «УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самудин уулу аябай издеп жатат» – деп калды, – деп түшүндүрдү Рыскелди Момбеков. – Мен телефон менен сүйлөшсөм, ал жигит «Жогорку соттун төрайымы ТЭЦ-2 конушунда сүйлөгөн сөзүңүздөгү чакырыктар боюнча сизге каршы арызданды» – деп тастыктап берди. Мен болсо «ал жерде чакырык же чагым болушу мүмкүн эмес» деп айттым. «Мен «мүмкүн» деп божомол иретинде айткам. Эгер ошол жерде айткандарым туура эмес болсо анда мени сотко берсин, мен өзүмдүн сөзүм үчүн соттор менен соттошконго даярмын» дедим. Ал мени УКМКга келишимди суранды. Аңгыча эле УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов чалып калды. Ага барып ушул жана башка иштер боюнча да сүйлөшкөнүм чын. Мага эмнегедир Жогорку соттун төрайымынын жазганын көрсөтүшкөн жок» – деп билдирди.

Ошондой эле УКМКга чакырылган себебин кимдир-бирөөлөргө депутаттык ишмердиги, кайсы бир маселелер боюнча сүйлөгөн сөздөрү жакпай жатканынан көргөнүн айтты: «Бийликти басып ала турган, бийликке күч колдоно турган же бийликти тартып ала тургандай чакырык, чагым сөздөр жок. Экинчиден, депутаттык макам тууралуу мыйзамда «депутат өзүнүн сын-пикири үчүн куугунтукталбайт» деп жазылган. «Соттун ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирип, сот бийлигин жалпы кыргыз элине жаманатты кылды» десе мен соттошом. Бул жерде саясат бар экенин сезип турам. Анткени менин акыркы кезде аткаруу бийлигине айткан негиздүү, жүйөлүү сын-пикирим ушуга себептир. Мени коркутуп, ноктолоп коебуз деген ойлору болсо керек. Мен алардан коркпойм. Соттор адамдын тагдырын, мыйзамды сындырышы мүмкүн, бирок мени сындыра алышпайт. Дегеле Жогорку соттун төрайымынын жазганы туура эмес. Бул эч кандай этикага, мыйзамга, логикага да туура келбейт. Жогорку соттун ар-намысын төрайым коргобойт», – деп белгиледи.

Айтмакчы, буга дейре «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиевдер соттордун дарегине ачуу сындарды айтышкан. Өзгөчө Каныбек Иманалиев: «Бүгүнкү күндө сот – Кыргызстан үчүн эң коркунучтуу орган. Адамдарды ак жеринен жазалаган орган. Ушулардын азабынан кыргыздын мыкты жигиттери түрмөдө отурат», -деп айтканында кашкайган чындык бар.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: