Menu

КТРКнын жаңы директору С.Жээнбековдун саясатын жүргүзөбү же Ө.Бабановдун арыгын тазалайбы?

Бөлүшүү:

Сыягы, бул ирет КТРКнын башкы директорун шайлоо президенттик шайлоо өнөктүгүндөй эле бүтүндөй коомчулуктун бүйүрүн кызытты окшойт. Алгач бул кызматка талапкерлигин койгондорго берилген убакытта – 18-февраяга чейин жымжырттык өкүм сүрүп турган. Бирок бир-эки күн калганда 22 документ тапшырылды. Аларды тандап алуу укугу берилген Байкоочу кеңеш тандоо жана маектешүүдөн кийин жетөөсүн гана калтырган. Алар: Ибраим Нуракун уулу, Жайнак Үсөн уулу, Адил Турдукулов, Галина Байтерек, Сураган Босумбаев, Болотбек Тиллебаев жана Замирбек Казакбаевдер болчу.

Байкоочу кеңеш 6-мартта булардын арасынан телеканалдын жетекчилик кызматына Жайнак Үсөн уулун шайлашы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Ага 15 мүчөнүн 13ү добуш беришкен. Телеканалдын башкы директорлугуна ат салышууда ал таскагы катуу чыга баштаган активист Адил Турдукуловду жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулун артта калтырды. Көпчүлүгүбүз КТРКнын башчылыгына ушул экөөсүнүн бири келет деп күтүп калганбыз. Анткени А. Турдукулов АКШ, Батыштын батасын алган, колдоосуна таянган, ал тургай жакында Президент С. Жээнбеков ӨЭУлар (НПО) менен жолукканда да ал топко кошулгандыктан, болду-болбоду өкүмдардын назарына илинди деп ойлогонбуз. Ал эми Ибраим Нуракун уулу да жаш экендигине карабай Би-Би-Си баш болгон дүйнөлүк дөө-шаа маалымат каражатында иштеп, Лондондон стажировкадан өтүп келип, айтор журналистиканын ысык-суугуна бышып, ачуу-таттуусун көрүп такшалган адис болчу. Эң негизгиси беш тилде эркин сүйлөп, англисчени семичкедей чагат, өзү учурда расмий түрдө мамлекеттеги биринчи бийлик болгон Парламенттин пресс-катчысы, анан илбериңки, жөнөкөй, бой көтөрбөгөн интеллектуалдуу сапаттары бар.

Бирок Жайнак Үсөн уулу деген баш-каны кой, журналистиканын бир да тар-магында өзүн көрсөтпөгөн, баарынан да учурда чет жакта качып жүргөн Өмүрбек Бабановдун көздөй кадры дешет. Аз күн мурда социалдыктармактарда анын мурда жетектеген НТС каналындагы кызматкер-лерди жердигине.жеке мамилесине карап кызматтан кетирген, салыктан жашырып, маянанын жарымын накталай, жарымын карточка менен берген эки жүздүү же-текчилик саясаты тууралуу уу-дуу сөздөр жүргөн. Эң кызыгы, Ак үйдөгү кайсы бир айым менен мамилеси бар экендиги, ошол б&һдоп аткандыгы айтылган. Болду-болбо-ду.ушул жоромолдор чын окшойт…

Эми ал Ак үйгө, бийликке, Президентке кызмат кылып, булардын саясатын жүргүзөбү же колдоочусу, С. Жээнбековдун шайлоодогу №1 атаандашы болгон Ө. Бабановдун арыгын тазалайбы? Оштуктар айтмакчы, быягы кызык болууда…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: