Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин кийлигишүүсү менен абдан көп иштер чечилип атканын айткан киши, жазбаган маалымат каражат калбады окшойт. Бул тууралуу эч ким үн ката элек. Иманкадыр мырза түз эле Сооронбай Жээнбековдун аты менен өтө көп пайдаланганды да жакшы көргөнү көп сөз болуп, үн каткан эч ким жок болгондуктан, айтылгандар чындык экен деп ишенгендер арбыды. “Центерранын” директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө жакында конкурс жарыяланып, ага алтымыштан ашуун талапкер катышты. Арасында бир канча мурдагы өкмөт башчы жана министрлер да болду. Бирок, премьер-министр Абылгазиев конкурсту жасалма түрдө эле өткөрүп, аягында Иманкадыр Рысалиев түрткөн адамдарды жактырып, алардын кагаздарын Торонтого жөнөттү деген кеп кетти. Бул ишти дагы ачыктап койбосо ызы-чууга айланышы толук мүмкүн. Алдын ала кулак кагыш кылып жатабыз Өкмөт башчыга. «Казанчынын өз эрки» дей турган болсок, мамлекеттин кызыкчылыгын жактабай турчу талапкерлер болуп атпайбы тандалган эки талапкер. Дүйшөн Касенов жана Рыспек Токтогул көп жылдар бою “Кумтөрдө” иштешип, каны сиңишип калгандардан. Азыркы күнгө чейин канадалыктардан айлык алып турушканы неге коомчулукка ачык айтылбайт? Эми ошолор кантип Кыргызстандын кызыкчылыгын жакташмак эле? Бул жагы да чатак болду.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ