Menu

Пархат Түлендибаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Кыргыздардын жакшысынан ушул даражага жетип олтурам”

Бөлүшүү:

—Пархат Розымович, сизди окурмандарга кеңири тааныштырсак деген максатта маек алсакпы деген оюбуз орундалып маектешип олтурабыз. Сиздин алгачкы кесибиңиз ашпозчу экен, кийин башка тармактан да билим алганыңызды билдик. Азыр да ашканага кирип өз колуңуз менен тамак жасап каласызбы?

—Мен алгач Бишкек шаарындагы тамак-аш техникумун аяктагам. Кесибим коомдук тамактануу боюнча технолог. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында, борбор калаабыз Бишкекте көп жылдар бою ашпозчу болуп кафе-ресторандарда иштедим. Кайда иштебейин жасаган тамагымды кардарлар сүйүп жешчү. Азыр болсо ачыгын айтканда ашканага кирүүгө убактым жок. Өзүм үйгө конок сыяктуу эле келип-кетем. Дегеним, жумушум көп, кечинде кеч барам, даяр тамакты жеп, уктап, кайра эрте жумушка чыгып кетем.

—Сизди парламенттеги «баатыр аталардын» катарына кошуп жүрөбүз…

—Ооба, бир жолу жазганыңыздарды окуп алып аябай сүйүнгөм. Жалпысынан 12 балам бар. Ата деген жүрөгү чалкып бала үчүн баарын жасагысы келген жан да. Кыздарымды турмушка узатып, өз тууруна кондуруп жатам. Буюрса, уулдарымды үйлөнткөн күнгө дагы жетебиз. Баарынан да кыздарыңды күйөөгө берген жаман экен. ЬІйлагым келип, ичим ачышып, бактысын тилеп калып калам.

—Кыргыз тамактарын сүйүп жейсизби?

—Азыр кыргыз ашпозчуларынын арасында уйгурлардан да тамакты мыкты жасагандары бар. Аны уйгур улутундагылар деле тамшанып жеп, баа берип жатышат. Сиздердин улуттук тамактардын баары даамдуу. Боорсок менен бешбармакты болсо канча болсо жей берүүгө даярмын.

—Кыргыз досторуңуз көппү?

—Менин досторумдун баары эле кыргыз. Кыргыздардын жакшысынан ушул даражага жетип олтурам. Дайыма колдоп, кандай кыйынчылыкка туш болбоюн жардамын аяшпайт. Жаңы жылдын алдында гимнибизди туура эмес ырдап алып жүрөгүм ооруп, жаман болдум. Ошондо да досторум биринчи келишип, баары жакшы болоорун, менин Кыргызстанды чексиз сүйөөрүмдү билишээрин айтып, көнүлүмдү көтөрүштү. Элге дагы ырахмат, ошондо кайра ырдап берсем абдан ыраазы болуп, жакшы пикир жазып жатышты. Кыргыздай кең пейил элге нааразы болгонум Кудайга деле жакпаса керек. Калпакты башымдан түшүрбөй, элибиздин салт санаасын сактаганга аракет жасайм. Кудай буюрса дагы Кыргызстаныбыз үчүн көп кызмат кылам. Негизи улутум башка экени паспортумда эле баса белгиленбесе, кыргыздар менен эле аралашып жүрөм. Ушуга абдан ыраазымын.

—Айтмакчы, Америкага калпак кийип барыптырсыз…

—Мени башка бирөөлөр Америкага чакырган болчу. Сөзсүз улуттук калпакты чет өлкөдө кийип жүрүү адатым бар. Калпак жылуу, жайлуу, ыңгайлуу, салкын дегендей… Америкада жүрүп капысынан биздин делегацияга жолугуп калдым. Эстелик үчүн сүрөткө түшүп койгонбуз, ал интернетке чыгып кетиптир. Трамптын сый тамагына келгендердин баары бизди карап, баш кийимиңер ыңгайлуу, сонун экен деп сүрөткө тартып жатышты.

—Сизди кайрымдуулукка көп каражат жумшайт деп угам. Ошондой эле спорт тармагын өнүктүрүү учүн да чоң каражат бөлөт дешет?

—Мен спортту сүйгөн адамдардын катарын толуктайм. Эркин күрөш боюнча спорт чеберимин, көп жылдар бою спорт менен алектенгем. Учурда эркин күрөш федерациясынын вице-президентимин. Азыр жаш спортчуларга колумдан келишинче каржы жагынан жардам көрсөтүп жүрөм. Кыргыз спортчуларынан үмүтүм аябай чоң. 2020-жыл боло турган олимпиада, Азия оюндарында ийгилик жаратат деген жакшы үмүтүм бар. Азыр биз спортту колдосок алар жүз эселеп акташат.

—Шайлоочуларыңыздын кайсы өтүнүчтөрүн аткардыңыз?

—Алар менен бат-бат жолугуп маселелерин угуп турам. Өзүмө тиешелүү Ысык-Ата, Лебединовка айыл аймактарындагы эл менен тыгыз байланыштамын. Мисалы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Алкан абдан мыкты жигит. Чоң жардамын берип, аракет кылат. Мени менен барган сайын кеңешип, эмне керектигин айтат. Эми жасаган иштеримдин баарын санап олтургум келбейт. Колумдан келген иштерди жасадым. Буюрса, мындан ары дагы мектеп, бала бакча курсам деген пландарым бар. Депутат болбой калсам деле, калкыма кам көрүү менин милдетим деп билем.

—Кайрымдуулук иштерди канча жылдан бери жасайсыз?

—ПІариятта кайрымдуулукка жумшалган каражаттын айтылбаганы дурус болот. Ошондуктан мен бул суроого жооп бербей эле коеюн.Жардам сурап келгендер кайрылсын деп атайын кайрымдуулук фонд ачып койгом. Оор операция жасалчу оорулуулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кайрылса жок дебейм. Колумдан келген жардамды берем. Ар бир адам тапканын жардамга муктаждарга бөлүп туруш керек. Эч ким байлыгын Алланын алдына алып кетпейт. Биздин фонддо бир гана каржы жагынан эмес, юридикалык жактан дагы бекер кеңеш берчү адистерибиз иштешет.

Маектешкен: Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: