Menu

Казакстанда “Атажурт” коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды

Бөлүшүү:

“Атажурт” бирикмесинин жетекчиси Серикжан Биляшты полиция кызматкерлери 10-мартта Алматыдагы мейканканадан түн жарымында кармап кетишкен. Ал азыр Астана шаардык полиция департаментинде отурат. Бул тууралуу бирикменин мүчөсү Кайрат Байтолла билдирди.

Анын айтымында, ишембиде, 9-мартта Серикжан Биляшты белгисиз кишилер аңдып жатканы белгилүү болгон. Кесиптештери коопсуздук максатында аны үйүнө эмес, мейманканага барууга көндүрүшкөн. Түнчүндө болжол менен 10-15 киши эшикти түртүп кирип, Серикжан Биляшты кармап, дароо Астанага жеткиришкен.

“Таң эртең менен Серикжан өзү биз менен байланышты. Азербайжан, татар маданий бирикмелеринин жыйынында сүйлөгөн сөзүн бирөөлөр бурмалап, полицияга арызданган экен. Ошол арыздын негизинде кармалган. Прокуратура санкция берген эмес. Ушинтип да кишилерди коркутууга болобу?”, – деди Кайрат Байтолла

Астана полиция департаменти “Атажурт” бирикмесинин төрагасы кармалганын тастыктады. Расмий маалыматтарга караганда, ал социалдык жана улуттук кастыкты козутууга айыпталууда.

Февралдын башында Алматы район аралык соту Серикжан Биляшты катталбаган бирикмеге жетекчилик кылганы үчүн 252 миң теңге (670 АКШ доллары) айыппулга жыккан.

“Атажурт” коомдук бирикмеси 2017-жылы жазында түзүлгөн. Уюм Кытайда кысымга алынган этникалык азчылыктардын укугун коргоп, маалымат жыйындарын өткөрүп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: