Menu

“Кырк чоро” Бишкек мэринин отставкасын талап кылат

Бөлүшүү:

“Кырк чоро” деген аталышта таанылган “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштуруп, калаа мэри Азиз Суракматовдун жана мэриядагы башка жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кылмакчы. Алар шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп жатышат.

Бирикменин башчысы Замирбек Көчөрбаев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, алар 11-мартта мэрияга барып, нааразылык акциясы тууралуу маалымдашат.

Уюмдун мүчөлөрү “8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду” деп жатышат. Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.

8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Акцияга “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да чыгып, активист аялдарга гүл беришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: