Menu

Эфиопиядагы авиакырсыктан 157 киши өлдү

Бөлүшүү:
“Боинг-737” 10-март күнү эртең менен Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган. Борттогу 157 кишинин баары мерт болду.

Акыркы маалыматтар боюнча Ethiopian Airlines компаниясынын учагында 33 өлкөнүн, анын ичинде Орусия, Канада, АКШ, Италия, Кытай, Франция жана Улуу Британиянын жарандары болгон.

Курман болгондордун 149у – жүргүнчү, 8и – экипаж мүчөсү. Эфиопия премьер-министри маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек. Учак Бишофту жанар тоосуна жакын Дебре Зейт шаарынын четине кулаган.

Бул 2019-жылдагы эң ири авиакырсык катары эсептелүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: