Menu

Орусияда Интернет эркиндиги үчүн митингдер өттү

Бөлүшүү:

Орусиянын бир нече шаарында Интернет эркиндиги үчүн митингдер өттү. Акциянын катышуучулары Мамлекеттик дума тарабынан кабыл алынган орус интернет сегментин изоляциялоо жөнүндөгү мыйзамга каршы чыгышты. Митингге 15 миңдей киши катышты.

Акцияны каттоого алынбаган Либертариан партиясынын активисттери уюштурду. Былтыр ушул эле топ Telegram мессенжерин коргоо боюнча ири митинг өткөргөн. Оппозиционер Алексей Навальный дагы иш-чарага активдүү катышууга чакырык таштаган.

Санкт-Петербургда Либертариан партиясы менен “АгитРоссия” кыймылынын өкүлдөрү “Бул жерде орус интернетин өлтүрүшүүдө” деген чакырыктар менен чыгышты.

Кийинчерээк полиция активисттер Роман Аянка менен Григорий Кудрявцевди кармап кетти. Бирок бир нече саат өткөндөн кийин протокол толтурбастан бошотушту. ОВД-Инфо көз карандысыз тобунун маалыматы боюнча Москвада өткөн акцияда 28 киши кармалды.

Орусиянын интернет сегментин изоляциялоону караштырган мыйзам долбоорун 12-февралда Мамлекеттик Дума биринчи окууда кабыл алган. Документтин авторлору “Рунет өзгөчө кырдаалдарда гана дүйнөлүк желеден үзүлөт” деп түшүндүп жатышат. Интернетти изоляциялоого 20 миллиард рубль керектелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: