Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Ду Дэвэень дайындалды. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековго ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптын келе жаткан жогорку деңгээлдеги жолугушууларын талкуулашты.
Ду Дэвень буга чейин Кытайдын Алматыдагы башкы консулу болуп эмгектенип келген. Ктыайдын Кыргызстандагы мурунку элчиси Сяо Синхуа үстүбүздөгү жылдын февраль айында миссиясын аяктаган.
Эске салсак, 2019-жылдын июнь айында Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин мамлекеттик иш сапары менен келет.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ