Menu

Суракматовдон күчтүү мэр болгондо, Бишкекке инвестиция тартып, алгылыктуу идеяларды көтөрмөк

Бөлүшүү:

Бишкекке Азиз Суракматов мэр болгону чоң өзгөрүүлөр деле болгон жок. Баягы эле башаламан курулуштар, көрнөк-жарнактардын ыраатсыз илингени (кыргыз тили кодуланганы), тазалык жагы камсыздалбаганы, айтор, шаарыбыз баягы эле чоң кыштактын кейпинде. Суракматов реформатор же кризис менеджер катары өзүн көрсөтө алган жок. Бишкектеги эң чоң көйгөй – бул мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздиги. Ушул багытта элдин талабына жооп бере турган программа, алдыга койгон максаттары али белгисиз. Кызык, мэрге эптеп эле күн өтсө, кээде эл кыдырып койсо эле болобу? Ансыз да шаарда жумушсуэдук күч, көпчүлүк элдин социалдык турмушу мышык ыйлачудай. Эгерде караңгыдан көз тапкан жетекчи болгондо, Бишкекке инвестиция тартмак, эртеңки жаркын келечекти бүгүн кура баштамак. Алгылыктуу идеяларды көтөрүп чыгып, коомчулукка үмүт бермек. Тилекке каршы, Суракматов супсуну суугандай болуп, мойнунан байлаткандай эле эптеп иштеп атканына күбө болуудабыз. Эртең эл сурайт, кайсы кыйраткан иши менен жооп берет? Бишкек мэри болуп отурушканда баары жакшы, кетишкенде эле былыктары чыгып атышпайбы? Азизиңер акчага жакын эле, алдым-жуттумдугу байкалган жокпу? Убакыт тараза, күтө туралы.

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: