Menu

Роза Молдалиева, КР эмгек сиңирген дарыгери: “Жаш кыздар да онкогинекологиялык оорулар менен жабыркашууда”

Бөлүшүү:

2017-жылы 798 аял онкогинекологиялык оорулар менен кайрылса, 2018-жылы 822 аял кайрылган. Алардын ичинен залалдуу шишикке кабылгандар 2017-жылы 321 болсо, 2018-жылы 297ни түзгөн. Ал эми залалдуу эмес шишик менен 2017-жылы 366 оорулуу кайрылса, 2018-жылы 526 оорулуу катталган. Аялдардын жан кейитип, коркунуч жараткан олуттуу оорулары туурасында кененирээк билүү үчүн онкогинекология бөлүмүнүн башчысы, КР эмгек сиңирген дарыгери, жогорку категориядагы врач-хирург Роза Молдалиева менен маектештик.

– Акыркы кездерде онкологиялык оорулар көбөйүп баратканы байкалууда, буга эмне себеп болушу мүмкүн?

– Экономикалык, нейрогумаральный факторлор негизги себеп болууда. Анткени, акыркы учурларда адамдар өз ден соолугуна кайдыгер мамиле кылып, көпчүлүгү күнүмдүк жашоо-турмуш, тиричилик, байлык, бийликке умтулуу менен ден соолукту кийинки орунга жылдырып коюшууда. Алты айда болбосо да бир жылда бир дарыгерге кайрылып туруунун ордуна 4-5 жылдап, алтургай оору күчөп, жанды кыйнап, өтүшүп кеткенде гана дарыгерлерге кайрылышууда. Мындай көрүнүш негизинен кыргыздарда көп кездешет. Аялзаты болочокто эне болорун унутпай, алдын ала ден соолукка кам көрсө. Дени сак энеден дени сак бала төрөлөт. Аялдардын онкогинекологиялык ооруларынын бир жаман жери – алдын ала белгилери көп билине бербейт. Аялдар чыдамкай келет эмеспи. Анча-мынча оору болсо туруштук берип, чыдоо менен жеңүүнү ойлошот. Бул жаңылыштык, өзгөчө аял киши ооруса-оорубаса да алты айда бир флюорографиянын, маммологдун жана гинекологдун толук текшерүүсүнөн өтүп туруусу зарыл. Ошондо гана оорулардын алдын алабыз.

– Сиздерге онкологиялык оорулардын кайсы түрү менен көп кайрылышат?

– Бизге айымдар көбүнчө эмчек оорулары менен кайрылышат. Ал эми онкогинекологиялык оорулардан биринчи орунда жатындын моюнчасынын шишиги турат. Ал эми экинчи орунда жумуртка бездеринин рагы. Ошондой эле үчүнчү орунда жатындын өзүнөн жабыркагандар аз эмес. Онкологияга жеткирбей эрозия, дисплазия оорулары менен жабыркагандар гинекологго эрте кайрылышса, жаңы башталган оорунун алдын алууга болот. Бизге көбүнчө күчөп, өтүшүп кеткен оорулар менен кайрылышат. Аларга оорусуна жараша ар кандай жардамдарды көрсөтөбүз. Негизгиси, жатында баланын ордуна ыйлакчалар пайда болгон учурлар көп. Ал эки түргө бөлүнөт, биринчиси жөнөкөй ыйлакча, ал бир жыл дарыгердин көзөмөлүндө болуп, дарылануу менен айыгат. Ал эми экинчиси оор түрүнө кирет, аны операция жолу менен дарылоого аракет кылабыз. Аялдардын онкогинекологиялык ооруларында бир гана хирургдар эмес, радиолог, химиотерадевт ж.б. дарыгерлер биргеликте көзөмөлгө алып, ар бир этап менен дарылоого өтөбүз. «Рак – бул өлүм жазасы эмес, аны дарылоого болот» деп айтылгандай эле 1-2-этабында кайрылгандар толук айыгып кетиши мүмкүн.

– Медицина тармагында канча жылдан бери эмгектенесиз?

– Кырк жылдан бери эмгектенүүдөмүн. Ал эми бул онкогинекологиялык бөлүмдө 36 жылдан бери кызмат кылам. Иш тажрыйбамдагы өткөн жылдарды ушул жылдарга салыштырып саресеп салсам, чындыгында онкологиялык оору жашарып бараткагіы байкалат. Азыр турмушка чыга элек жаш кыздар деле онкогинекологиялык оорулар менен жабыркашууда. Бирок, алар аз санда. Ал эми аялдарда көбүнчө жатындын моюнчасында шишиктер пайда болуп, аталган илдетке кабылгандар көп кездешүүдө. Жатын моюнчасында рак илдети так аныкталса, жатынды толук алып салууга аргасыз болобуз. Мындай кырдаалга кабылган кыз-келиндер төрөй албай калышат. Ушул нерсе жүрөктү өйүтөт. Андыктан, кыз-келиндерге «гигиенаны сактап, ден соолукка олуттуу мамиле кылгыла»деп эскертет элем. Ар бир аялзаты – болочоктогу эне!

Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: