Бүгүн, 11-мартта “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Бишкек мэриясынын алдына чыгышып, 8-мартта Бишкекте өткөн гейпарадга нааразычылык иретинде акция өткөрүштү.
Бул уюмдун лидерлери мэрияга киришип, өз талаптарын билдирип, 13-мартта Бишкекте өздөрүнүн нааразычылык митингин өткөрө турганын жарыялашты.
Андан сырткары “Кыргыз чоролору” ал гейпарадга уруксат берген чиновниктердин отставкасын талап кылып, бул маселе боюнча КР Генпрокуратурасына кайрылышарын да билдиришти.
Ал эми гейпараддын уюштуруучуларын сотко бере турганын ачыкташты.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ