Menu

Дүйшөн Керимов: “Асхат Акибаевдин демилгеси менен көчмөндөрдү даңазалоого Араб өлкөсүнө аттандык”

Бөлүшүү:

– Дүйшөн байке, алыскы Сауд Араб өлкөсүнө жөнөп атыпсыз, сапарыңыздын максат-маанисин уксак…

– Максат-мааниси барып-келип эле баягы Көчмөндөр оюнуна байланышат. Тагыраагы, жергебизде үч ирет эл аралык деңгээлде ийгиликтүү өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндарынын башынан баштап башкы уюштуруучу демилгечилеринен болгон Асхат Акибаевдин жеке ишмердигинин аркасында, ал өзү жетектеген «Дүйнөлүк этно-оюндардарынын конфедерациясы» жана Сауд Араб Саmel Ciub (коммерциялык эмес) уюуму менен биргеликте уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» аттуу этнофестивалына баратабыз. Узун сөздүн кыскасы, кезинде улуу көчмөн цивилизациясынын түндүгүн оболоткон байыркы көчмөн кыргыз руху кайрадан көтөрүлүүдө. Демек, бу сапар илгерки көчмөн арабдардын улуу чөлүндө…

– Кут болсун! Ошондо сиздин жеке милдетиңиз кандай болот?

– Ат чабам, куш салам, жаа атып, улак тартам, эр эңиш, кыз куумайга түшөм, күрөшөм, ордо атам, тогуз коргоол ойнойм, «Манас» айтып, комуз чертем, «Үкөйүмдү» созом, бийлейм… Тамаша го, эми булардын баарын өз-өз чеберлери аткарат дечи, баш-аягы миңден ашык өнөрпоздор катышат экен. А мен болсо тээ 2014-жылдан улуттук спортту өнүктүрүү дирекциясынын алгачкы жетекчиси Алмаз Касеновдун демилгеси менен «Айкөл Манас оюндары» темасында китеп жазып келаткан калемгер катары катышып, фестивал боюнча, дегеле дүйнөлүк улуттук оюндар жагдайында материал чогултуп, китепке даярдайм.

– Кечээ жакында ал жакка алдын ала жеткирилген өнөрпоздордон бир кыз интернет айдыңына кыргыз жаштарынын арасындагы жагымсыз көрүнүштөр жөнүндө чуулгандуу билдирүү жарыялап жиберди го?..

– Ошондой кокуй иш болду. Териштирсем, ал кыз кайсы бир телевидениенин кабарчысы экен. Бирок, ал жакка
кандайдыр бир жол менен бийчилердин катарында катталып барыптыр. Өзү капкара көз айнек тагынып алып, орусча сайрап атат. Эми ал кыз айтып аткандарына баам салсак, эч кандай чуулгандуу деле окуя болбоптур. Албетте, спортсмен карылуу жигиттер көп тамак ичишет, жаш болгондон кийин ойношот, «сойлотушат»… Эми аларды сөзсүз эле интернетке – эл аралык деңгээлге айгайлап жайылтып жибербей, ич ара бири-бирин тыйып, тарбияга чакырса жүйөлүү болмок. Буюрса, жетекчибиз Асхат мырза бул жагын тыкыр көзөмөлгө алып, кыргыздардын чакыруусу менен дүйнөнүн токсондон ашык мамлекетинен өкүлдөр катыша турган, ар күн сайын кеминде 35 миңдей көрүүчү көрө турган бул абройлуу фестивалды уят болбогондой деңгээлде, өзүбүздүн Көчмөндөр оюндарынын нарктуу салтында өткөрө турганыбызды белгилеп, баарыбызды бир кишидей болууга чакырды. Албетте, мынчалык көп адамды ошончолук аралыкка жеткирип, тамак-ашы, жатаканасы менен толук камсыздап, «кыргыз байыркы өнөрлүү эл экендигин көрсөтөлү, далилдейли» деп аткан азаматыбызды биз да колдоп, ыйык пайгамбардын мекенине аман-эсен барып келели деп улуу Жараткандан тилеп атабыз.

– Ак жол сиздерге, жаратуучу ийгиликтер мол болсун! Ылайым кыргызды даңктап, ааламга даңазалап келгиле!

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: