Бүгүн, 9-мартта “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин жигиттери 8-мартта, Бишкекте өткөн гейпарадга каршы акцияга чыгышкан “Кырк кыз” коомдук бирикмесинин кыздарын да куттуктап, гүл тартуулашты.
Эсиңиздерге сала кетсек, 8-март күнү “Кыргыз чоролору” Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн-кеткен кыздарды майрам менен куттуктап, гүл тартуулап жатып, адашып феминисткаларга да гүл сунуп алып, социалдык тармактарда катуу сынга кабылган.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ