Бүгүн, 11-мартта Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин алдында, аны гейпараддан кийин тазалоо максатында куран окутулду. Бул иш чараны “Кырк кыз” коомдук бирикмеси менен экс-депутат, Курманжан Датка фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошова уюштурушкан.
Эсиңиздерге сала кетсек, 8-мартта гейпарадга катышкандар өздөрүнүн “Баш ийбе!” деген чакырыктары жазылган Курманжан Датканын сүрөтүн көтөрүп алышып, Курманжан Датканын эстелигине келип, акция өткөрүшкөн.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ