Menu

Бакыт Аалиев, “Сейф бизнес” компаниясынын жетекчиси: “Жандүйнөдөгү мотивация күчтүү болсо, аны дүйнө жүзү да токтото албайт”

Бөлүшүү:

Жаш болсо да Кыргызстанда биринчилерден болуп тармактык бизнестин көзүн таап, «Сейф бизнес» аттуу компания ачып, миңдеген адамдарга иштөөгө ыңгайлуу шарт түзүп берген юрист Бакыт Аалиев ушул жылы өлкөгө завод ачууну пландоодо.

– Алгач өзүңүз ачкан тармактык бизнес боюнча кыскача айтып берсеңиз?

– 2017-жылы 3-февралда «Сейф бизнес» компаниясын ачкам. Бул Кыргызстанда биринчи жолу ачылган тармактык маркетинг болуп эсептелинет. Акыркы убактарда дүйнө жүзүндө тармактык бизнес өнүгө баштады. Баардык эле компаниялар Европадан чыгып, Россияга, Казакстанга, андан соң бизге келип атса, биздин амбициябыз Кыргызстандан Казакстанга, андан Россия, Европа өлкөлөрүнө чыгуу. Эки жылдын ичинде компаниянын өзүндө эмгек келишими менен иштеп жаткан ондон ашык адам бар. Алар бул компанияда туруктуу иштешип, маяна алышат. Ал эми калган биздин дистрибьюторлор булар биздин кардарлар болуп эсептелинет. Жалпы санын алсак, биздин компанияда кырк миңден ашуун катгалуучулар бар. Алар менен биз өнөктөш катары иштешебиз. Эки жыЛ ичинде жакшы иштеп, ийгиликтерге жеткен эки адам автоунаа белекке алышты. Эми жаз айларында эки жылдыгыбызды белгилеп, жакшы иштегендерге дагы автоунаа белек кылганы турабыз.

– Компанияны эл аралык деңгээлде кеңейтип жатыптырсыз, буга чет элдиктер кызыкдарбы?

– Өзүңүздөр билгендей бизде мигрантгар абдан көп. Алардын демилгеси менен башка өлкөдөрдө да иш алып баруудабыз. Мисалы, биз косметика менен иштейбиз. Биздин косметикалар сапаты жагынан жогору, «адал» деген маркасы бар. Ал косметиканын баарына эле бериле бербейт. Булардын курамынца синтетика, химикат, гормондор жок. Алар чөптүн тамырларынан жасалат. Ошондой эле биздин маркетинг планыбызда эң маанилүү. Кыргызстанда жумушсуздук актуалдуу көйгөй болуп жаткан соң, биздин компания аз убакыттын ичинде тез өнүгүп кетти. Анткени, баардык адамдар эле кошумча акча табууну көздөшөт. Буюрса, бир айдын ичинде Москва шаарына өз филиалыбызды ачканы турабыз. Учурда Түркия менен иштешип, биздин товарлар кыргызча ысым менен ошол жактан чыгууда. Себеби, бизде завод-фабрика жок. Ушул жылы өлкөбүзгө завод куруу планыбызда бар. Биринчиден, өз элибизди жумуш менен камсыз кылабыз. Экинчиден, продукциябыз алдин чөнтөгүнө ылайык болуп, баасы да арзан боло баштайт.

– Буга чейин тармактык бизнестен көп эле адамдар жапа чеккен. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, катталуучуларга кандай кепилдик бере аласыз?

– Туура айттыңыз. Азыр Кыргызстанда чет алдик компаниялар аз эмес. Ар бир тармактык компания менен иш алып барууда алардын колдонуучу буюмдарына көңүл бөлүү зарыл. Анткени, айрым компаниялардын колдонуучу буюмдары жок эле «баланча акча салып койсоң, өзү өсө берет» деп чакырышат. Буга мен өзүм деле ишенбейм. Бул чындык болсо баарыбыз эле ишибизди таштап, акча салып коюп жата бербейт белек? Андай нерсе жок. Ошондуктан ар бир компанияда жөн але буюмдар боло бербестен, күнүмдүк жашоо турмушка керектүү буюмдар болушу шарт. Дүйнө жүзүндө өнүккөн тармактык компанияларды карай турган болсок, баарында керектүү буюмдар бар. Ошондой эле тармактык бизнесте иштөө үчүн чоң суммадагы акча салуу да кооптуу. Мисалы, бизде катталууга 1000 сом салабыз да, компанияда иштегенге мүмкүнчүлүк алабыз. Бул компанияга салынган акча болуп эсептелинет. Ал эми 15 миң сомго керектүү буюмдарды алып, товар айлантабыз. Бул компанияга акча салуу эмес, товар айлантуу болуп саналат. Мындан сырткары, бизге бизнес орун берилет. Ошол боюнча команда түзүп, иштеп кете алсак, жакшы айлык алабыз. Ал эми иштей албай калсак, жөн гана компаниянын кардары болуп кала беребиз. Тармактык бизнесте эң биринчи жашоосун жакшы нукка өзгөрткүсү келген жөнөкөй адамдар иштешет. Компанияга тиешелүү документтердин баары жайында. Андыктан, келечекке кепилдик бере алам.

– Ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз мотиватор болуш керекпи?

– Мотивация экиге бөлүнөт. Биринчиси – жашооңо керектүү мотивация. Бул буюм-тайым алуу. Ал эми экинчиси – жандүйнөдөгү мотивация. Адамдын жандүйнөдөгү мотивациясы күчтүү болсо, аны дүйнө жүзү да токтото албайт. Мен өзүмдү мотиватор катары деле эсептебейм. Эл менен баттил табыша албайм, бирок жандүйнөмдөгү мотивациям күчтүү. Мисалы, жаңы басып баштаган бала канча жыгылса, көгөрсө, сүзсө да «баспайм» деген ой болбойт. Анткени, анын ичиндеги мотивациясы – басуу. Эгер ошол бала бир жыгылганда эле «мен жыгылам, болду баспайм» деп жатып алса, анда дүйнө жүзүндөгү 90% адамдар баспай калмак. Тармактык бизнесте деле ошол. Баардык иште сөзсүз кыйынчылык болот. Ийгиликке жетүү үчүн алардын баарына туруштук бериш керек.

Маектешкен: Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: