Menu

Фото – Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова Кореянын президенти Мун Чжэ Инге Ишеним грамоталарын тапшырды

Бөлүшүү:

8-мартта Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инге Ишеним грамоталарын тапшырды. Протоколдук тапшыруу аземинен кийин «Чонг Ва Де» сарайында кыргыз-корей кызматташтыгы жөнүндө негизги маселелр боюнча маек курулду.

Президент Мун Чжэ Ин Д. Кемелованы Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси болуп шайлануусу менен куттуктап, Корея Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда көп окшоштуктар бар экенин айтып, эки мамлекеттин эли келбети боюнча дагы бири-бирине окшоштугун белгилеп кетти.

Элчи Динара Кемелова Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын ортосундагы тарыхый достук мамилелеринин калыптанып өсүп бараткандыгы жөнүндө баса белгилеп кетти. Д. Кемелова өзүнүн сөзүндө «Кыргызстан- Корея Республикасы менен болгон кызматташтыкты жогору баалап, Азия регионунда өтө маанилүү жана приоритеттүү партнёру катары көрөт»-деп айтып кетти. Элчи Корея тарабына Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр жана демократиялык коомду курууга көмөк көрсөткөнүнө ыраазычылыгын билдирип кетти.

Кыргызстан тарабынан келечекте Корея Республикасы менен соода-экономикалык катнашты өстүрүүгө, өзгөчө Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларын Кореяга эскпорттоосун көбөйтүүсүнө кызыктар экендигин баса белгилеп кетти.  Ошондой эле, элчи Д. Кемелова корея тарабына аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү долбоорлоруна катышууга, ошондой эле кыргыз адистеринин Корея Республикасында билим алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлүшүнө активдүү катышып берүүсүн сунуштады.

Эки тарап жылдан жылга Корея Республикасынын туристтери Кыргызстанга баруусу өсүп жаткандыгын белгилеп кетишти. Президент Мун Чжэ Ин «Кыргызстан-өзүнүн кооз табияты, бийик тоолору менен таанылып, так ушул көрүнүштөр Түштүк Кореялык туристтердин санын көбөйүүгө негизги багыт болуп эсептелет. Албетте, мунун баары эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз аба учуу маршрутунун ачылышына түрткү болот жана корей тарабы анын ачылышына негизги жардамын көрсөтөт »-деп Президент Мун Чжэ Ин белгилеп кетти.

Маектин аягында президент Мун Чжэ Ин элчи Д. Кемеловага Корея Республикасында элчилик кызматын өтөөрүндө ийгиликтерди каалап кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: