Menu

Дастан Жумабековго карай жасалып жаткан “кара пиар” эски карышкырлардын иши

Бөлүшүү:

Кыргыз чиновниктеринин расмий иш кагаздарында табылган грамматикалык каталар дайыма эле болуп келген. Бирок акыркы жылдарда социалдык тармактардын активдүүлүгүнүн өсүшү менен мындай фактыларды коомчулуктун ур-тепкиге алуусу да өсүп баратат. Буга чейин Бишкек шаарынын мэрлери Албек Ибраимов менен Азиз Суракматовдун кол жазмаларындагы одоно грамматикалык каталар интернет пайдалануучуларынын талоонуна калса, бүгүн КР Юстиция  министринин орун басарынын кайрылуучуларга жооп каты менен спикердин колу коюлган  өкмөткө каты талкууланууда.

Булардын ичинен спикер Дастан Жумабековдун каты боюнча гана расмий жооп болуп, ал катты даярдаган айыптуу адам кызматынан кеткендиги кабарланды. Чындыгында Кыргызстанда күнүнө эң көп кол коюп, килограммдап кагаздарды карап окуп чыккан жогорку кызматтар бул үч эле кызмат: президент, спикер жана премьер-министр. Ал көлөмдөгү расмий иш кагаздардын баарынын грамматикасын карап чыгуу физикалык жактан мүмкүн эмес. Ошондуктан аны аткарган атайын кызматтар түзүлүп, маселелер алдын-ала спикер өткөргөн кеңешмелерде чечилип, ал чечимдер боюнча каттар техникалык кызматтар тарабынан даярдалып, текшерүүдөн өтүп, таза кагазга басылып, спикердин алдына келет. Спикер каттын техникалык жагын эмес, мазмунун гана жардамчысы менен бир ооз талкуулап кол коёт. Албетте убакыт көп болсо ар бир катка шашпай көз жүгүртүп чыгууга не жетсин. Бирок, кайсы бир кеңешмелерге, жыйындарга, жолугушууларга шашып жатып, спикердин ар бир катты үңүлө карап чыгууга убакыты тар болот. Жогорку Кеңештин кезектеги отурумуна барыш керек, же президент менен жолугуу зарыл, же чет элдик делегацияны кабыл алуу күтүп турат сыяктуу шашылыш учурлар болгон кезде бирин-экин кат көз кырына илинбей, автоматтык түрдө кол коюлуп өтүп кетет. Андай учурларда спикер толук түрдө жардамчыларына ишенет. Эгер жардамчылары ал катты даярдоодо жоопкерсиздик менен мамиле кылып, каталар менен даярдаган болсо албетте сөз спикерге тиет. Акыркы окуя мына ушундай кырдаалда өнүккөн. Анын үстүнө жардамчы өзү даярдаган катка өзү эле спикердин факсимилесин коюп койгон. Ошондуктан ал өзүнө жараша жазасын алып, мамлекеттик кызматтан айдалды.

Ал эми спикер жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинен алгандыгы жана катты өзү даярдаган болсо андагыдай одоно каталарды кетирбеси талашсыз. Анан да анын илим-билимдүү үй-бүлөдө тарбияланганынын бир далили анын уялаш бир тууганы Сабырбек Жумабеков Кыргызстан тургай дүйнөнүн жарымына белгилүү билимдүү адам эмеспи. Спикер өзү да буга чейин бир да мындай катачылыктарга жол бербей келген. Ошондуктан бир катты даярдоого жоопкер болгон жардамчынын айынан бүтүндөй бир спикердик институтка сөз тийгизип асыла берүү да дайыма эле өзүн актай бербейт. Кыргыз “бир карын майды бир кумалак чиритет” деп бекер айтпаган, бир жардамчынын айынан бүтүндөй бир бийлик институтуна сөз тийүүдө. Коомчулук мындай учурда мындай каталар бир адамда эки-үч жолу кайталанса гана системалуу кайталанып жаткан каталар катары тегирмен ташына салса болмок. Башка учурда кечиримдүү болуп, ошол катты даярдаган жардамчы деле биздин коомдун туундусу экенин эстей жүрсө. Кыргыздын “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегенди да эстеп, сынчылар өзүнүн билимин да бир башкалардын сынынан өткөрүп алса андан да жакшы болмок. Анткени ошол сынчылардын баарын жыйнап келип, “Кыргызтест” мекемесинен тесттен өткөрсө, көп болсо 10%ы жогорку балл алар. Муну айтып жатканыбыздын себеби сынчылардын көпчүлүгүнүн сынынын артында саясый кызыкчылык жатат. Бийликке нааразы болгон күчтөр, оппозициялык күчтөр, айрыкча атамбаевчил күчтөр “өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү” көрүп, же “чымындан пил чыгарып” ызылдап жатышат. Айрыкча анын ордуна спикер болгусу келген Иса Өмүркулов сыяктуу эрендердин “троллдорунун” арааны ачылды да калды.

Арты таза, “какмар-шакмары” жок, чуулгандуу интригалардан алыс, жаш спикерди бир жардамчысы жасаган техникалык бир ката үчүн мурун коррупцияга айыпталган, арты “какмар-шакмар” эски карышкырдын азуусуна салып берип, коомчулук эмне табат? Ошондой карышкыр спикер керекпи бизге. Мына, ошол эски карышкырлар “кара пиардын” оозун араандай ачтырып турганда ага ээрчип, жолубуздан адашпайлы.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: