Menu

Мамкаттоонун тендердеги чыры сотко жетти

Бөлүшүү:

Кыргызстанга электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендер чырына байланыштуу германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы сотко арыз жазды. Алар тендердин жыйынтыгын кайра карап көрүүнү өтүнгөнү жатышат. Белгилей кетсек, бул жерде чоң коррупциянын очогу тутанганы турат, буга жогорку бийлик өтө кылдат мамиле кылып, чара колдонуусу кажет. Себеби, Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча 2018-жылы тендер жарыяланган. Бул тендерге беш компания катышып, «Muhlbauer ID Services» 686 миллион 772 миң 250 сом, «Гарсу пасаулис» 940 миллион 150 миң сом, франциялык «IDЕМІА Frаnсе» ишканасы 948 миллион 713 миң 750 сом сунуш кылган. Көрүнүп тургандай, эң арзан суммадагы 686 миллион 772 миң 250 сомду четке кагып, 940 миллион 150 миң сом сунуштаган литвалык компанияны жеңүүчү деп табышкан. Ортодогу айырма 253 миллион 377 миң 750 сом. Бул жемкорлукка жогорку бийлик тарабынан тез арада чара көрүлүшү керек. Азыр «уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат» дегендей көрүнүш орун алып, Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу Даттанууну жана нааразылыкты кароочу комиссия паспорт боюнча тендер тууралуу даттанган германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «IDЕМІА Frаnсе» компанияларынын арызын негизсиз деп тапты. Эгер бул иш оң жагына чечилбесе, бүгүнкү өкмөттүн коррупция менен күрөшүү деген урааны суу кечпеген жомок болуп калат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: