Menu

Шинжаңдыктардын укугун коргогон активист «жихадга чакыруу» беренеси боюнча айыпталууда

Бөлүшүү:

«Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаш өткөн айдагы билдирүүлөрү үчүн кармалган. Бул тууралуу Астана шаардык прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытайларга каршы» «жихадга» чакырган.

Ага каршы «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча тергөө иштери 21-февралда, жергиликтүү тургундардын бири Астананын полиция департаментине даттангандан кийин башталган.

«Серикжан Бияштин сөздөрүндө улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар экендиги 5-марттагы экспертизанын корутундусунун, социалдык тармактардан алынган видеотасмалардын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жана башка материалдардын негизинде ырасталды», — деп жазылган прокуратуранын сайтындагы билдирүүдө.

Билаш 10-мартка оогон түнү Алматыда кармалып, Астанага жеткирилген. 11-мартта сот аны үй камагына чыгарган. Бирок өкүмгө ылайык, Билаштын үйү Алматыда жайгашканына карабастан, ал Астанада болушу керек.

Билаш Кытайдын Шиңжан аймагындагы казактардын укуктарын коргоп келгендиги менен белгилүү. Анын «Ата Журт ыктыярчылары» аттуу уюму Кытайдагы казак азчылыгына басым болуп жаткандыгы жана анда «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» бар экендиги тууралуу алгачкылардан болуп билдирип чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: