Menu

Тажикстанда «Гугл» компаниясына салык киргизүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда жарандарга электрондук кызматтарды көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар үчүн салык киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун өлкөнүн Каржы министрлиги иштеп чыкты.

Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, Тажикстандын аймагында электрондук контент саткан чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде «Гугл» компаниясы салык органдарына отчет тапшырып, кошумча нарк салыгын төлөп турушу керек болот.

Тажикстандын Салык комитетинин төрагасы Завкибек Шодиёндун айтымында, учурда мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр менен макулдашылууда жана жакында өкмөттүн кароосуна чыгарылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: