Menu

Видео – Феминисттер жана 8-мартта Бишкекте гей-парад өткөргөн ЛГБТ өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги 24.kg маалымат агенттигинде 8-март күнү Бишкекте аялдардын укугун коргоо боюнча “8/365” жүрүшүн уюштурган феминисттик коомдук уюм менен аларга кошулуп гей-парад өткөргөн ЛГБТ коомчулугу маалымат жыйынын өткөрүштү.
Феминисттердин айтымында, алар аялдардын укугун коргоо боюнча жүрүштөрдү өткөрүп келген жана дагы да өткөрө берет. Ал эми ЛГБТ ал феминисттик кыймылдын бир бөлүгү болуп эсептелет жана алар да өз укуктары үчүн күрөшүп келген жана күрөшө берет. Алар Кыргызстанда юридикалык каттоодон өтүшкөн жана күбөлүктөрү бар.
“ЛГБТ (англ. LGBT) — сексуалдык азчылыктарды атоо үчүн англис тилинде пайда болгон аббревиатура: лесбиян (Lesbian), гейлер (Gay), бисексуалдар (Bisexual) и трансгендерлер (Transgender) – Википедия) биздин жарандык коомдун бир бөлүгү. 8-март саясый дата болгондуктан алар да өзүнүн укуктарын коргой турганын жарыялашты. Биздин өлкө бул боюнча эл аралык конвенцияларга кол койгон. Быйыл эл аралык коомчулуктун алдында бул боюнча Кыргызстан отчет берет… Ал эми биздин жүрүшкө саясатчылардын келип кошулушу ал алардын өздөрүнүн чечими. Эгер биздин жүрүш алардын кийинки имиджине кандайдыр бир зыян алып келе турган болсо, анда алар бизге кошулбай койсо болот. Бизге саясатчылардан башка да коомчулуктун башка өкүлдөрү, профсоюздар жана башкалар кошулушу мүмкүн”, – дейт “Шанс” кризистик борборунун директору Елена Ткачева.

“Биз ЛГБТнын жүрүшүн 4 жылдан бери өткөрүп келе жатабыз, быйыл төртүнчүсү болду. Бирок буга чейин быйылкыдай ызы-чуу жаратпай келген эле. Саясатчылар да бизге катышуу менен саясый упай топтошот. “Кырк чоро” коому деле биздин жүрүштү жана анын катышуучуларын плакаттары менен толук көрүп турушту. Алтургай жүрүштүн катышуучуларына гүл сунушту. “Менин денем – менин ишим” деген чакырык бул мен өз денеме өзүм кожоюнмун, менин денеме эч ким жолой албайт, эч ким тийише албайт, эч ким кучактай албайт дегенди түшүндүрөт. Кээ бир эркектер менин денеме мага караганда алардын укугу көбүрөөк деп ойлошот”, – деп билдирди ЛГБТ коомунун өкүлү Надира Масюмова.

“Биз жүрүшүбүздү ачык жарыялаганбыз. Бирок эч кимди чакырган эмеспиз. Ким келип кошулса ал өзүнүн позициясы менен келген”, – деп кошумчалады жүрүштү өткөрүү боюнча мэрияга расмий кат жөнөткөн “Бишкек феминисттик демилгелери” коомдук уюмдун өкүлү Фарида Лансарова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: