Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын тиркелген концепциясы бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 10-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп табылды.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ