Menu

КР Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун эксперти бош кызмат орундарына документтер кабыл алынат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун (СӨБ) эксперти бош кызмат орундарына документтер кабыл алынат.

Талаптары:

– жогорку юридикалык билим;

– 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Кесиптик билими жана жөндөмдүүлүктөрү:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү;

– соттук териштирүүлөрдө катышуу тажрыйбасы;

– аналитикалык иш жана аналитикалык документтерди даярдоо жөндөмдүүлүктөрү;

– команда менен иштөө жана коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу жөндөмү;

– англис тилин мыкты билүүсү;

– эл аралык арбитраж тармагында документтер менен аналитикалык иштөө тажрыйбасы артыкчылыктуу мааниге ээ болуп саналат.

Иш графиги: толук иш күнү. Мөөнөттөн ашык иштөө мүмкүн. Эмгек мамилелеринин түрү: эмгек келишими.

Борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык  арбитраждык соттордо, чет элдик соттордо, третей сотторунда жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын, ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет элдик соттордо, третей сотторунда жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоого арналган.

Милдеттери жана максаттары жөнүндө жалпы маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 токтому менен бекитилген (шилтемеде:http://cdb.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/96092) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө Жободо камтылган.

Талапкерлерден 2019-жылдын 22-мартына чейин [email protected] электрондук дарегине резюме жана эки сунуштама катты жөнөтүүнү суранабыз.

Аңгемелешүүгө коюлган талаптарга кыйла дал келген талапкерлер чакырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: