Menu

Жалал-Абадда сүмөлөктөн башка көйгөй жокпу?

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев келе жаткан Нооруз майрамын өлкө аймагында өзгөчө өткөрүп, тээ жогорку бийликтерге бир көрүнүп алгысы, элдин көңүлүн өзүнө бургусу келип атат. Кыскасы, ушул майрамга карата бардык мекеме-ишканаларга, башка да менчиктеги уюмдарга сүмөлөк кайнатуу тапшырмасын берди. Баланча мекеме түкүнчө казан сүмөлөк кайнатасың деген милдет тагылды. Эми жашоо кызыган, жаз жарыш мезгилинде мекеме-ишканалардын кызматкерлери сүмөлөк менен убара болушат.

Албетте, Нооруз майрамы жогорку бийликтер тарабынан белгиленген расмий майрам эсептелет. Элге-журтка жакшы маанай түзүп, оюн-зоок уюштуруп берүү милдети бар. Эзелтен эле тамак-аш таркатуу менен оюн-зоок тартуулоо бийликтердин башкаруу инструменттеринин бири болуп келген. Эми эле ал калып калмак беле.

Кептин баары сүмөлөктө эмес, ага кете турган чыгымдарда. Албетте, шаар мэриясы Нооруз майрамын уюштурууга бюджеттен каражат бөлөт, бирок сүмөлөк кайнатканга эмес. Сүмөлөк деген чайканада демделчү аш эмес, ага олчойгон отун кетет, себеби аны көпкө чейин кайнатышат. Азыр Жалал-Абад шаарында бир кубометр отундун баасы кеминде 3-4 миң сом турат. Ар бир мекеменин өзүнүн даяр боз үйү да жок дароо аянтка жасалгалап алып чыккыдай, аны ижарага алууга туура келет. Анан калса, кызматкерлер же кызматкерлер жалдаган башкалар убактысын бөлүп, уйкудан калышы да керек. Ар бир мекемеде көлөмү жүз литр суу баткыдай даяр казан болбойт, аны да башка жактан алышат депкири менен кошо. Бу жөн эле кастрюлга салып кайнатып коё турган кой шорпо эмес да. Бир сөз менен айтканда, бул – убаракерчилик, мээнет.

Анан да бюджеттик мекемелер сүмөлөк кайнатууга кеткен чыгымды кай жактан жана кантип жабышат? Тендер аркылуубу же кызматкерлердин чөнтөгү мененби? Албетте, буга демөөрчүлөр чыкса, анда сооп иш болот. Иши кылса, азыноолак маяна алып тирилик өткөрүп жаткан муниципалдык ишканалардын кызматкерлери чарчап-чакап, кыйналып калышпаса болду.

Бирок да ар бир иш-чаранын түпкү максаты болот. Бул кырк казан сүмөлөк кайнатуунун башкы максаты эмне экен? Албетте, “эл-журтка бата тилеп коюу”, “жакшылыктарга ниет кылуу”, “элди бириктирүү” деген дежурный фразалар айтыла берет. Деген менен, Жогорку Кеңеш да бир кезде түлөө өткөрүп, жети койдун башын алып ыргыткан. Бирок, анын иши оңолуп, жапжакшына болуп калган жок, дагы эле “жаман күчтөр” тооруп, депутаттар четинен камалып жатат, элди айран-таң калтырган мыйзамдар кабыл алынып, укмуштай бир кылык-жоруктар жасалууда. Көрсө, иштин баары кой менен сүмөлөктө эмес экен…

Бирок, эң негизги максат – бул популизм. Башкалар кылбаганды биз кылдык, креативдүү иш кылдык, элге жакшы майрам жасап бердик деп, жогорку жактарга көрүнүп коюу. Муну коомдук-саясий понт, аң-сезимди убактынча дүүлүктүрүүчү фейерверк десе болот. Сүмөлөк кайнайт, чуру-чуу түшүп майрамдашат, ооз тийишет, анан бүттү. Элдин турмушу, көйгөйү, үмүтү, президенттин жана өкмөттүн берген тапшырмалары, алдыга коюлган милдеттер ошол бойдон кала берет. Эгер ушул жагына да креативдүү идеялар, аракеттер, понттор болсо, элдин турмушун оңдогон бир ааз жылыштар болсо, жаман болбос эле.

Ошондой болгондо Жалал-Абад шаарынын мэри президенттин алдыга койгон милдеттерин аткармак, аны эл алдында уят кылмак эмес. Деген менен, өткөн жылы өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүнү бардык аймактарга милдеттендирген. Бирок, Жалал-Абад шаарында аткарабыз деп алдыга коюлган 147 миллион сомдук инфраструктуралык иштердин 67 миллион сомдук көлөмү аткарылбай калды. Быйылкы жылдын январь айында Жалал-Абад шаарында негизги көрсөткүч болгон өнөр жай продукциясын өндүрүү кыйла артка кетип калды. Көп жылдардан бери мындай боло элек болчу.

Бул тууралуу жогорку бийлик органдары сурап, эмне мындай болду? – маанисинде шаар мэринин тынчын алышкан жок. Көңүл бурулган жок. Эми кырк казан сүмөлөк кайнатса, балким көңүл бурушар. “Салтта жок креативдүү иш кылдың” деп, балким сыйлык да беришер. Ал эми эл арасында “мончочу” деген каймана ат калып, “сүмөлөк мэр” деген каймана ат пайда болор, шаар башчысынын ысымы башкача жаңырар…

Жалил Сапаров, журналист

Жалал-Абад

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: