Menu

Видео – ИИМ: 33000 сом пара алып жаткан жеринен ЖОЖдордун биринин кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматына Чүй облусунун отуз үч жаштагы Ж.А. аттуу жашоочусу (аял киши) пара талап кылуу жана алдамчылык иш-аракеттери фактысы боюнча арыз менен кайрылып, экзамендик сессияны тапшыруу үчүн акча каражатын талап кылып жаткан шаардык окуу жайдын кызматкерине (аял киши) карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө жогорку окуу жайдын кызматкери 2018-2019-жылдары үчүн сессияны тапшырууга 33000 сом акча каражатын талап кылгандыгы маалым болгон.

Арыз “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумга катталган. Ал эми ИИМдин Тергөө кызматынын Өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин (Мамлекеттик мекеменин кызматкеринин ири өлчөмдө акча түрүндө сый акыны мыйзамсыз алуу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн башташкан.

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгы (УККБ) менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн кызматкердин мыйзамсыз иш-аракеттерин жасагандыгына шектүү катары саноого жеткиликтүү маалыматтар алынган. 2019-жылдын 5-март күнү атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Биринчи май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы кабыл алынган. Сотко чейинки иликтөөлөрдү жүргүзүүдө мыйзамсыз иш-аракеттер кандай жагдайда, кандай иш-аракеттер жана качан жасалгандыгы аныкталган. 2014-жылдын июль айында А.Ж. аттуу жаран жогорку окуу жайлардын биринин бөлүмүнө контрактык негизде тапшырууну чечкен. Документтерди тапшыруу учурунда ал ЖОЖдун кызматкерлеринин бири менен таанышып, ошол жерден унверситетке өтүүгө жардам көрсөтөөрүн айтып, өзүнүн кызматы үчүн ал 200 АКШ долларын сураган. Ошол эле жылдын күз мезгилинин сентябрь айында ЖОЖдун кызматкери окуу жайда бош орун жок болгондуктан аны башка университеттин ошол эле факультетине өткөргөндүгүн билдирген.

2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта ЖОЖдун кызматкери студенттен экзамендик сессияларды тапшыруу үчүн акча каражатын жана контрактык окуунун төлөмдөрүн дагы алып тургандыгы аныкталган. Ушул аралыкта ал жалпы суммасы 230 000 сом түзгөн акча каражатын алган. 2019-жылдын февраль айында студент 2014-жылы университеттин алдындагы колледждин биринчи курсуна өткөндүгүн, бирок ошол эле жылы окуудан чыгарылганын билген.

2019-жылдын март айында жабырлануучу кайрадан экзамендик сессияны тапшырууга акча каражатын талап кылып жаткан кызматкерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүү үчүн ИИМге арыз менен кайрылууну чечкен.

2019-жылдын 6-март күнү ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жумуш ордунда 33 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен шаардык ЖОЖдун биринин кызматкери катары эсептелинген мамлекеттик кызматкер кармалды.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: