Menu

Акаев эмне себептен Жээнбековду мактай баштады?

Бөлүшүү:

Бизде, дегеле дүйнө жүзүндө бир мамлекеттин экс-президенти бийликте отурган эмки президентти мактаган көрүнүш жок, болсо да сейрек кездешет. Анткени “кардын башын кар жейт, кандын башын кан жейт”,- демекчи, мурунку президенттерди учурунда шакирти, премьер-министр болуп иштеп жүргөн жанындагы эле жакындары революция-төңкөрүш жолдору менен кетирип жүрүшпөйбү. Андан соң “менин бийлигимдин учурунда андай эле, мындай эле…”,- деп жанын жеп актанышат.

Бирок Кыргызстандын туңгуч президенти, азыр Москвада качып-бозуп жүргөн Аскар Акаев Эгемендүүлүктүн 27 жылындагы кыргыз элитасында болуп келаткан мындай “салтты” бузуп, бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбековду мактады. Ал бүгүнкү президентке карата мындай алкоо сөзүн болгондо да Орусиянын “Московский комсомолец” деген абройлуу басылмасына интервью берип жатып айтты.

“Менимче Жээнбеков президенттикке эң татыктуу талапкер болгон жана ал аны өзүнүн даанышмандык башкаруусу менен далилдеп жатат. Ал коңшу өлкөлөр менен мамилени оңдоп, Атамбаев мураска калтырып кеткен ыңгайсыз кырдаалды жоё алды. Жээнбеков коррупция менен күрөштү системалуу түрдө баштады. Мен башында мындай аракетти өзүнүн жеке бийлигин күчтөнтүү үчүн жасап жатат деп ойлогом, бирок азыр ал коррупция менен күрөштү мамлекет үчүн жасап жатканынан шегим жок”,- деп, эзелки сөөк өчтү душманы, азыр мүлдө кыргызга жек көрүнүп бүткөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап, бир ок менен эки коён атыптыр.

Ошондой эле андан ары маегинде А.Атамбаев да ЖЭБдеги чыр боюнча соттоло турганын божомолдоп, жаңы бийликке “жол көрсөтүптүр. Сөзүнүн аягында А.Акаев Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга келип, эки бир тууганын акыркы сапарга узата албай калганын эскерип, аны өлкөгө келтирбөөгө аракеттер жүргөнүн да эскерип өтүптүр. Жээнбековдун учурунда мындай аракеттер болбогонун айтып, жаңы бийликке карата мамилеси жылуу экенин кошумчалаган. Эмне дейбиз, академик туулган жерин сагынып, келгиси келип жүрөт го…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: