Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы эки жылдан бери жетектеп, бул башкармалыктын ишин жакшылап жөнгө салып койгон Жанат Жумагазиев Бишкек ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп 7-февралда дайындалган. Ошол күндөн тартып өкмөт аталган башкармалыкты жетектей турган татыктуу кадр таба албай кыйналып жатат. Башкармалыкта жетекчинин орун басары Ыманалы Саркулов жетекчи болууга жакшы эле аракет кылганы менен, анын аракетинен майнап чыкпады көрүнөт. Кыязы, бийлик аны тандабайт. Себеби, Саркуловдун да кемчиликтери көп. Чукуп койсо, “бур” эле дей түшөт. Андыктан ал азыркы ордунда эле Кудай деп иштей бергени оң. Азырынча бийлик республиканын башкы МАИчиси катары кимди тандарын билбей башы маң болуп турат.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ