Menu

Суталиновдун жубайы президенттен ырайым күтөт

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Мурат Суталиновдун аялы Гүлнара Суталинова президентке ачык кат жазды. Өз катында ал күйөөсүнө карата адилетсиз сот жүрүп жатканын, кыйноо колдонулганын билдирди.

“Мен күйөөмдү “өлүмгө жакындап баратат” деп жазгым келбейт, көпчүлүк эл билгендей анын кайышпас кайраты, кажыбас ички дүйнөсүнүн күчү бар. Ошондуктан мен ишенем, биз биригип бул каргашалуу ооруга туруштук беребиз. Бирок бул оору менен түрмөнүн шартында натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эмес”,- деди ал катынла.

Гүлнара Суталинова күйөөсү апрель окуясы боюнча соттолуп жатканы үчүн гана ага негизсиз ; айып тагылганын, буга “мурдагы Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн буйругу себеп болгонун” да билдирди.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович! Албетте, сиз соттун чечимине таасир эте албайсыз. Бирок бүгүнкү күндө канчалык сот бийлигинин көз каранды эместигине ишенсек да, кээ бир судьялар чечимдерин чыгараарда «Ак үйдү» карап тураары көнүмүш болуп калган. Ошондуктан бул кат менен сизге кайрылдым. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепили болгон президент катары, диний ишеними бар адам катары, биздин кайгылуу ишибизге өзүңүздүн мамилеңизди билдирип коюуңузду көптөн-көп суранам!?”,- деген кайрылуусунда Г.Суталинова.

Чындап эле УКМКнын мурдагы жетекчиси эч кандай далили жок, кайсы бир топтун бийликке нааразычылыгын басуу же жакшы көрсөтүү үчүн гана тогуз жылдан бери абакта отуруп, гүлдөй өмүрү соолуган чөптөй куруп келет…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: