Menu

Акматов “Манастын” өнүгүү ишин “өлтүрөбү”?

Бөлүшүү:

“Манас” аэропортун өткөн жылдын декабрь айынан бери башкарып жаткан Нурлан Акматов иштин көзүн билбеген кадр экени айтыла баштады. Негизи аны бул кызматка каражаттын күчү менен эле келген дешүүдө. Ал мурунку министр Нурлан Сулаймановдун бир тууган кайниси болот. 2007-жылы аны Максим Бакиев атасы аркылуу Бажы кызматынын төрагасы кылып дайындаткан. Ошол учурда Бажы кызматындагы коррупция укмуш гүлдөп, мамлекеттин канын соруп турган. Ошентип, Бакиевдерге аюу кызматын өтөгөн Акматов Максим менен достук мамиледе болуп келгенин көпчүлүк жакшы билет.

2011-жылы “Газпром-Кыргызстан” жеке менчик ишканасынын гендиректорунун орун басары болуп дайындалган. Чынында аэропорттун ишин мурунку жетекчи Эмир Чукуев алдыга жылдырып, өнүгүү маселеси боюнча купулга толо турган иштерди жасаган. Акматов болсо, ал өнүгүү жолундагы иштерди уланта албай , же өзү бир жаңы реформаны баштай албай, айтор өз билемдик менен кызыктай иш алып барып жатканы ачыктала баштады. Акматов, “даңазалуу” Раим миллион менен кан дос экени айтылууда. Кыскасы, бийлик “Манасты” гүлдөтө турган кадрды эмес, талкалап таш-талканын чыгара турган кадрды алып келди беле? Белгилей кетсек, бийлик Чукуевди кызматтан алгандан кийин анын ордуна бир-эки күндөн кийин мандемдүү кадрларды дайындап, катуу сынга кабылган. Алардын бири Камчы Көлбаевдин кан кудасы болуп чыккан. Акматов деле ошол мандемдүүлөрдүн бири экен. Демек, Акматов бул темпи менен аэропортту “ала” салдырбаса эле болду.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: