Menu

Жамин Акималиев, академик: “Көп жылдык тарыхы бар КСДП партиясынын таш-талканын чыгарышты!”

Бөлүшүү:

Академик Жамин Акималиев менен кыргыз саясатында орун алган айрым жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк.

-Жамин агай, Сагынбек Абдрахманов эле эмес, Иса Өмүркулов баш болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевден КСДПны тартып алуу аракетин башташты. Алардын бул кыпыгы колдоого аларлыкпы же аша чабуубу?

– Чынын айтыш керек: көп жылдык тарыхы бар КСДП партиясынын таш-талканын чыгарышты. Жээнбековдор КСДПны Өмүркуловдун колу менен талаштырбай эле, жаман көрүнбөй эле өздөрүнчө жаңы партия түзүп алышса болмок. Анткени, КСДПны көк бөрү кылганда эки жакка тең пайдасы тийбей калат. Чынында Атамбаевге да партиясын берип коюу кыйын. Анткени, анын партияда мээнети чоң. Талаша турган акысы да бар. Ошон үчүн алар ойлогондой оңой эле берип койбойт.

– Балким, президентке өзү ээлик кылган партиянын кереги жоктур…

– Президент болгондон кийин партиянын саясатына кийлигишкенге акысы жок дейбиз. Бирок, президентке да анын таламын талашкан партия керек. Акаев, Бакиев Атамбаевдин деле өздөрүнүн кызыкчылыгын талашкан партиялары болгон. Ошол сыяктуу эле аты угумдуу, элге бат сиңип кете турган партия түзүп, жаштарды, орто муундарды жана үлгү болчу улууларды кошуп, бир партиядан экинчи партияга өтө качкандардан сактанып, мыктыларына токтолушу керек. Партиянын программасын жакшы түзсө эле, элдер өзү эле тартылат. Анткени, кептин баары партиянын программасында болот.

– “КТРКга Бабановдун кадры келди”- деген кептер айтылып жатат. Бул нерсе Бабанов азыркы бийликтин тилин таба баштаганынан кабар бербейби?

– Мен антип ойлобос элем. Себеби, Жайнак Үсөн Бабановдун телеканалын жетектегени менен профессионал журналист. Аябагандай токтоо, туруктуу жигит. Аны КТРКга Бабанов үчүн алып келишкен жок. НТСти мамлекеттен акча албай туруп, белдүү телевидение кылып койгону үчүн ушул кызматка ишенип даярдашты окшойт. Эми КТРКны да “кара жащик” деген аттан арылтып, ак жашикке айландырат, КТРКны НТСтей бейтарап маалыматтарды чагылдырган коомдук каналга айландырып берет деген үмүтүм бар. Бабановдун мыкты кадрын КТРКга тартуу Жээнбековдун мыктылыгы десек болот. Байкаган кишиге Жээнбеков бир ок менен эки коён атты. Биринчиден, оппозициялык телевидениенин жетекчисин алып келди. Экинчиден, кесипкөйлүгүнө токтолду. Башкы директорлукка ат салышкандарын арасында мындан артык кадр жок болчу. Ошон үчүн ушул жигитке токтолушса керек. Бул жигит саясатка аралашпай, эки жакка ойнобой, КТРКнын кадырын өстүрүп, деңгээлин жогорулатып, коомдук телевидениеге айлантса, элдин алкоосуна татыйт.

– 2020-жыл жакындаган сайын айрым саясатчылардын бир тобу шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышса, экинчи тобу өзгөртүү зарылдыгын айта башташты. Азыркы шайлоо системасы менен шайлоого барсак, мындан да оор турмушка кептелип калышыбыз мүмкүнбү?

– Эгер партиялык система менен шайлоого барсак, шорубуз дагы кайнаганы турат. Анткени, партиялык система деген шылтоо мекен эл шайлоого аттанган талапкерлерге эмес партияга добуш беришти. Өкүнүчтүүсү, шайлоонун шарапаты менен эл жек көргөн, элдин кызыкчылыгын эске албагандар Жогорку Кеңешке депутат болуп келип алышты. Ошон үчүн 120 депутаттын баарын бир мандаттуу кылбасак да, жок дегенде жарымын партиялык система менен шайласак туура болчудай. Партиялык система менен шайлоого барсак эле демократия болуп кетпейт экен. Анын бизге туура келбеген да жагдайлары бар экенине баарыбыз эле ынанып калдык.

– Кыргызстанга 120 депутат ашыкча деген пикирдегилер да бар. Балким, шайлоо системасын өзгөртө турган болсок, депутаттардын да санын азайтууну эске алышыбыз керектир…

– Мен бул пикирге кошулбайм. Депутаттардын оптималдуу саны боюнча 100-120 депутат туура эле болот. Эгер мыйзам чыгаруу палатасын 35 кылып кыскартып алсак, анда ойго түшкө кирбеген мыйзамдар кабыл алынып кетет. Себеби, мыйзам чыгаруучу депутаттардын санын 35ке чейин кыскартып көргөн да учурубуз болгон. Депутаттардын саны аз болсо, мыйзамды кабыл алуу оңой болуп, 35и сүйлөшүп алып, бир кафеге чай ичип, бизге пайдасы тийбеген тескери мыйзамдар кабыл алынып кеткен учурлар болгон. Мыйзамдар оңой кабыл алынып кетпеши үчүн 120 депутат туура эле болот.

– Кыргыз саясатчыларында неге бийликте турганда журт атасына теңеп, бийликтен кетсе эле тиш кайрап калган өнөкөт күч?

-Мындай акылга сыйбаган, жийиркеничтүү нерселер саясий маданияттын жоктугунан улам орун алып жатат. Биздин тармакта талаачылыктын маданияты деген түшүнүк бар. Саясатчыларда саясий маданият деген түшүнүк жок. Ошон үчүн ушундай жагдайлар болуп жатат. Негизи саясий маданияттын жоктугу биздин артта калганыбыздын белгиси. Саясий деңгээлибизди өстүрбөсөк өсүп өнбөй, бири-бирибизди каралоодон өйдө болбой калабыз. Саясий маданияттуулугубуздун жоктугунан партия деген классикалык түшүнүккө жооп бербей калды. Атына заты жарашпаган партиялар пайда болуп, алты партия башкара баштады. Биздикинен калкынын саны алда канча эсе көп Советтер союзу менен Кытайды бир эле партия башкарган. Бизде деле эмки шайлоодо жайнаган партияны парламентке алып келбей партияларды бириктириш керек.

– Саясий маданияттуулуктун жоктугу кыргыз саясатына терс таасирин тийгизип жатабы?

– Албетте, терс гана таасири тийип жатат. Анткени, саясий маданияттын жоктугунан иш илгерилебей, экономикалык социалдык маселелерди чечүүгө убактылары жетпей калып жатат. Негизги маселе экономикада. Биз саясий маданияттын жоктугунан куру саясат менен алек болуп калдык.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: