Menu

Кытай ТИМи казак активисти Билаштын кармалышы боюнча комментарий берди

Бөлүшүү:

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Лю Канг Казакстанда активист Серикжан Билаштын кармалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Лю Кангдын айтымында, Билаш Казакстандын аймагына «мыйзамсыз кирген».

«Анын Кытайда карыздарына байланышкан маселелери болушу мүмкүн. Мындай адамдар ар кандай нерселерди ойлоп таап, чуу чыгарууга маш болушат. Мунун артында кандай максаттар турганын түшүндүрүп деле кереги жок деп ойлойм», — деди Лю Канг.

Серикжан Билаш Кытайдын Шинжаң аймагында туулган. Кийин Казакстанга келип, жарандык алган. 2017-жылы “Ата журт ыктыярчылары” уюмун түзүп, Кытайда кармалган улуттук азчылыктардын, кыргыз, казак, уйгурлардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруп жүргөн. Шинжаңда жакындары камакта калганын жана дайынсыз экенин айткан казакстандык, кытайлык кайрылмандардын катышуусунда тынымсыз маалымат жыйындарды уюштуруп келген.

Активист 10-марттын түнү Алматыда кармалып, Астанага жеткирилген. Эртеси сот аны үй камагына чыгарган. Эми ал эки айга чукул мөөнөттө үй камагында болот. Астананын прокуратурасы активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган» деген айыптын негизинде кармалганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: