Menu

Өлтүрүлгөндөрдүн бири «Сакалдын» жигити болчу. Шектүүнү кармашты

Бөлүшүү:

ИИМдин криминалдык милициясы менен Өзгөн РИИБсинин кызматкерлери 7-март күнү Бишкектен 37 жаштагы Д. А.ны (ал буга чейин ИИМдин ОПГ боюнча атайын тизмесинде катталып келген) оор кылмышка шектүү катары кармашканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылдын 26-январында 4 адам Өзгөндүн Жылалды айылынын 33 жаштагы тургунун коркутуп, 90 миң сомун алып кетишкен. Д. А. ушул кылмышка шектүүлөрдүн бири катары кармалган. 2017-жылы Москванын «Люблино» метросунун жанындагы кафелердин биринен Муратбек Маматалиев менен Искендер Жолборсовду белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Көп өтпөй балыкчылар Маматалиевдин сөөгүн Жуков дайрасынын жээгинен табышкан. Бир жумадан кийин Жолборсовдун да сөөгү табылган. Өзгөндө кармалган Д.А. Москвадагы мына ушул кылмышка да катыштыгы бар экени айтылууда. Жолборсов «Мыйзамдагы ууру» делген Улан Токтосуновдун (кайманы аты «Сакал») уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин ИИМ тастыктаган. Д. А. Орусиянын ИИМи тарабынан да эл аралык издөөгө алынган.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: