Menu

Видео – “Дордойчулар” Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбековго: “Крышаң ким экенин айтпайсыңбы? Крышаң – Раим Миллион!” деп жаалданып турушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-мартта “Ала-Тоо” кинотеатрында Бишкектеги “Дордой” базарынын соодагерлери менен КР Бажы кызматынын жетекчилери экинчи жолу жолугушту. Өткөн жумада соодагерлердин делегациясы КР Бажы кызматынын жыйындар залында бул мекеменин төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган жоон топ кызматкерлери менен жолугуп, ызы-чуу болушкан, бирок маселе чечилбей ырбап келатат.

“Дордойдун” ишкерлеринин айтымында, КР Бажы кызматы Кытайдан келген товарларга бажы төлөмдөрүн тымызын 3 эсе көтөрүп койгон, бирок элге айтпай келген. Соодагерлер Кытайдан алып келген товарларынын 1 килограммына мурун $1,3 бажы төлөмүн төлөсө, эми $3 доллардан  төлөй турган болуптур. Бул тууралу соодагерлер Кытайдан товарларын эски төлөмдөрдү эске алып, ташып келип алышкандан кийин гана билишкен. Андан сырткары Кыргызстан 2015-жылы кирген Евразиялык экономикалык бирликтин (Бажы союзу) эрежелери боюнча анын составындагы Россия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан бир чендеги бажы төлөмдөрүн бекитүүгө тийиш. Иш жүзүндө Казакстандын Бажы кызматы Кытайдан келген товардын 1 килосуна $2 бажы төлөмүн бекитсе, Кыргызстан Бажы кызматы $3 бекиткен.

Эске сала кетсек, биздин “Дордой” базарынын соодагерлери Кытайдан алып келген товарлар негизинен Казакстан менен Россияга сатылат. Демек мындан ары “Дордой” базарынын соодагерлеринин товары кымбаттай тургандыктан ал рыноктор биздин соодагерлерге жабылып калары айдан ачык. Ишкерлердин кирешеси тык токтоп, салык кескин азайып, бюджетке бажы төлөмдөрү, акча түшпөй калат. Бул албетте бюджеттин киреше бөлүгүн толтура албай жаткан кыргыз бийлигине, анын ичинде президент Сооронбай Жээнбековго каршы атайын жасалган экономикалык диверсия.

“Дордой” базарынын соодагерлеринин товарларын Кытайдан Кыргызстанга ташып жеткирип, бажыдан өткөрүп берген, “крышаңарга” афирирленген 3 фирма бар, алар ар бир 1 кг товар үчүн $3 ала башташты, бирок бюджетке ар бир 1 кг үчүн $1 же $1,5 гана төлөшөт. Айрымасы “крышаңардын” чөнтөгүнө кетип жатат. Ошол 3 фирма монополист болуп алышкан. Башка фирмалар бажы аймагына кире алышпайт, ошондуктан монополист фирмалар аркылуу гана иштеше алышат”, – дейт ачууланган соодагер.

Бүгүн, 13-мартта “Дордой” базарынын соодагерлери менен КР Бажы кызматынын жетекчиси Алмаз Оңолбековдун жолугушуусунда ишкерлер: “Бажы төлөмдөрүн ким көтөрдү? “Крышаң” ким экенин айтпайсыңбы? “Крышаң” Раим-миллион!” деп жаалданып кыйкырып турушту. Жыйындан кийин соодагерлер КР Президенти Сооронбай Жээнбековго мындай өз билемдикке чара көрүүнү суранып, кайрылуу жасашты.

Булак: KyrgyzToday

Видео: ВВС

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: