Menu

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-март күнү Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу талабы менен чогулушту. Чек арага жакын топтолгон тажикстандыктарды кошуна өлкөнүн күч кызматтары, чек арачылары көзөмөлдөп турушат.

Кыргызстан тараптан да аксайлыктар топтолгон.

Өткөн жумада Кыргызстан тарап Тажикстандын Ворух анклавын айланып өткөн Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун жандантышы үчүн бир трактор иштей баштаган. Учурда ал трактор чек арадан 2 чакырымдай Кыргызстан тарапта иштеп жаткан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абал туруктуу экенин, эки тараптан чогулган жүздөй кишини таркатыш үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: