Menu

Казакстан Улуттук фондунун тоңдурулган активдери боюнча иш Лондондо каралууда

Бөлүшүү:

Молдовалык инвестор Анатол Статинин Астанага каршы жазган доо арызы боюнча иш Лондон сотунда каралууда. Бул тууралуу Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаев билдирди.

Министрдин айтымында, Улуттук фонддун алгач тоңдурулган 22 миллиард долларынын 21,5 миллиард доллары учурда «фондго кайтарылган».

«Эч кандай коркунуч жок. 21,5 миллиард доллар башка банкка которулуп, башка баалуу кагаздарга инвестицияланган. Азыр Казакстан алардан пайда көрүүдө. Калган 500 миллион доллар дале болсо Лондондогу New York Mellon банкында. Бирок алар үчүн дагы эч кандай коркунуч жок», — деп билдирди Бекетаев.

1-мартта Италия соту Казакстанды Статиге 500 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген арбитраждык чечимди колдогон. Мындан тышкары сот казак бийлигин 120 миң евро (136 миң доллар) өлчөмүндөгү соттук чыгымдарды төлөөгө милдеттендирген. Бекетаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Италияда Казакстандын активдери жок экенин билдирди.

«Аталган соттун чечимдери ал өлкөнүн аймагына гана тиешелүү. Ал жакта биздин эч кандай активдерибиз жок. Болгону элчиликтин имараты бар. Статинин эмнеге италиялык сотко кайрылганы бизге түшүнүксүз болууда. Балким дал ушундай чечимди алуу үчүн болсо керек», — деди Бекетаев.

Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Анатол Стати менен анын уулу Габриэль Стати казак бийлигинин активдерди аз акчага сатып алуу аракетинин курмандыгы болгонун айтып, келтирилген чыгымдарды өндүрүп берүүнү талап кылууда. Астана бул айыптоолорду четке кагып, Статинин өзүн алдамчылыкка күнөөлөп жатат.

2013-жылы декабрда Стокгольм Соода палатасынын алдындагы арбитраждык трибунал Статинин бул талаптарын жарым-жартылай канааттандырып, казак тарапты 500 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Ишкер доо арызда көрсөткөн жалпы сумма төрт миллиард доллардан ашык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: