Menu

Орусиялыктар Кыргызстан жана Тажикстан жашоочуларына салыштырмалуу тез картаят

Бөлүшүү:

Орусия жарандары үчүн карылык 59 жашта келет. Бул курак Тажикстан, Беларус, Грузия (барында тең 60 жаштан), Кыргызстан, Литва жана Латвия (61 жаштан) өлкөлөрүнө салыштырмалуу төмөн. Бул тууралуу медициналык Lancet басылмасына жарыяланган окумуштуулардын эл аралык тобунун иликтөөсүндө жазылган.

Изилдөөнүн авторлору дүйнө өлкөлөрүнүн калкы карыларга мүнөздүү оорулар менен жабыркай баштай турган орто куракты эсептеп чыгышкан. Ал оорулардын тизмесине 92 дарт, анын ичинде Альцгеймер, Паркинсон, гипертония, катаракта жана глаукома оорулары киргизилген.

Дүйнө боюнча карылык ооруларына кабылгандардын орточо жашы 65 жашты түзөт. Карылык 59 жашта келген орусиялыктар дүйнөдөгү 159 өлкөнүн жашоочуларынан тез картаят. Бул 2018-жылдагы реформадан кийин белгиленген пенсия курагынан жана Беларус, Индия, Индонезия, Түштүк Африка жана Эфиопия өлкөлөрүндөгү карылык курагынан төмөн.

Изилдөөгө ылайык, эң кеч картайган адамдар Жапония (76,1 жыл), Швейцария (76,1), Франция (76) жана Сингапур (76) өлкөлөрүндө жашайт. Ал эми Папуа – Жаңы Гвинея (45,6), Маршалл аралдары (51) жана Ооганстан (51,6) жарандары эң эрте картайгандардын сап башында.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: