Menu

Туй мырза кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатабы?

Бөлүшүү:

Чүй облусунун губернатору, атагынан чатагы көп Туйгуналы Абдраимов кызматка келгени эмне иш кылып, кандай иш жасаганы тууралуу калк ичинде кабар деле жок. Анын жакында Дубайга дуулдап кеткени тууралуу да маалымат тарап, сынга алынды. Эми болсо ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Ысык-Атадагы ден-соолукту чыңдоочу санаторийдин ичинен канча бир сотых жерди профсоюз аркылуу менчиктеп алып, ал жерге жеке менчик ден-соолукту чыңдоочу комплекс куруп жатканы (анын имаратынын сүрөтү интернетке чыкты) боюнча маалымат тарады. Укук коргоо органдары бул маселеге кайдигер карабашы керек. Өзү болсо бул тууралуу ооз ача элек. Бирок Кыргызстанда “майлуу” кызматта иштегендер жеке бизнести да гүлдөтүп келгени көндүм адатка айланган. Өзүнүн гана ойлогонун туура көрүп, башка баалуу кеңештерди уккусу келбеген Туй мырзанын деле жыргаган доору аяктайт. Балким ошондо мыйзам алдында мышыктай ыйлап жооп берип калаар…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: