Шайлоо учурунда улуттар аралык мамилеге от чачып коюп, өзбектерге “дем” берип, Москвага качып кеткен Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келүүнүн миң амалын кылып, толгонуп жаткан маалы. Белгилүү болгондой Кыргызстанды тоноп, жүздөгөн мекендештерибизди атып качып кеткен Бакиевдер Лукашенконун колтугуна кирип алып, Белоруссияга миллиондогон доллар инвестиция салып жатканы маалым. Бабанов деле Бакиевдердин жолун жолдоп, Кыргызстанда жүргөндө эле Пензага инвестиция тартып, 400 миллионго цемент завод салган. Эми мекенине кайткысы келген БӨТ өзү тууралуу “Кыргызстанга инвестиция менен келүүгө даяр” деген кеп таратып баштады. Чынында Кыргызстан Бабановдун арам инвестициясына муктажбы? Эмнеге дегенде, ал таза байыган эмес. Байлыгын басып алуу жолу менен көбөйткөнү бештен белгилүү. Ал кылмыштуу иши үчүн жоопко тартылбай калды. Эми ошол байлыктан бир аз Кыргызстанга инвестиция кылгысы келип турганы кызык.
Бакиевдерди туурап инвестиция кылам дебей, мыйзам алдында өзүнүн актыгын далилдеп, жеп-ичкендерин кусуп, 4 басып алгандарын кайтарсын.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ