Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип – өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу

Бөлүшүү:

«Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип — өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу Элчилер жана Башкы консулдар! Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү, жыйындын катышуучулары!

Тышкы саясаттын негизги багыттары мамлекеттин ички кызыкчылыктары менен тыгыз байланышкан.

Элчилер өлкөнүн ички муктаждыктарын жакындан билиши керек.

Ошол себептен улам сиздерди — Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Элчилерин чогултуп, жыйын өткөрүүнү чечтик.

Өлкөдө ири коомдук-саясий жана экономикалык маанилүү өзгөрүүлөр болууда.

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияны жоюу, сот-укуктук реформа, салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу,  шайлоо системасын өнүктүрүү багыттарында реформалар жүрүп жатат.

Бүгүнкү кеңешменин максаты — өткөн жылдын жыйынтыгына анализ жасап, кийинки жылдарга тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарыбызды аныктоо.

Акыркы мезгилде тышкы саясатыбызда бир топ өзгөрүүлөр болду, аздыр-көптүр ийгиликтерибиз да бар.

Биринчи кезекте коңшу мамлекеттер, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз менен алака-мамилебизди бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлдү. Натыйжасы жаман эмес.

Евразиялык экономикалык биримдиктеги кызматташуубуз -приоритеттүү багыттардын бири.

Биримдиктин алкагында өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып, соода жүргүзүүнү көбөйтүү керек.

Сиздер билгендей, президенттик кызматка киришкен соң алгачкы иш сапар менен Россия Федерациясына бардым.

Владимир Владимирович Путин менен болгон бир катар жолугушуулардын натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер активдүү өнүгүп жатат.

Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү өсүүдө.

»Кара тизмеге« кирип калган мекендештерибиздин маселеси чечилди.

Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду тарабынан масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда.

Аскердик-техникалык кызматташууда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

Эми, соода-экономикалык байланыштарыбызды арттырып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз.

Бул максатта чакан жана орто бизнеске инвестицияларды тартып, экспортко багыт алган ишкерлерибизге шарт түзүү зарыл.

Март айынын аягында Владимир Владимировичтин Кыргызстанга мамлекеттик визити пландаштырылган.

Бул визиттин алкагында эки тараптын кызыкчылыгына жооп берген дагы бир топ макулдашуу, келишимдерге жетишебиз деп ишенем.

Жакынкы коӊшуларыбыз — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен кызматташтыгыбызды чыӊдадык.

Баардык коңшу өлкөлөргө расмий визит менен барып келдим.

Нурсултан Абишевич Назарбаев менен чек ара, соода жана башка багыттар боюнча маселелерди чечтик.

Азыркы тапта Казакстан менен суу, ветеринария, фитосанитария тармагында маселелер талкууланууда.

Шафкат Миромонович Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Мяликгулыевич Бердымухамедов менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тыгыз жеке байланыштарды түздүк.

Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктоо маселеси — негизги милдет.

Соода-экономикалык кызматташтыкты арттырып, товар алмашууда Кыргызстандын экспортунун үлүшүн көбөйтүү маанилүү.

Түркмөнстандын отун-энергетика жана инвестиция жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу биз үчүн чоң мааниге ээ.

Түркмөнстан-Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу маселеси боюнча жигердүү иштөө милдети турат.

Айта кетчү жагдай, кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатабыз. Өкмөт ушул механизмди ишке киргизүүгө тийиш.

Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Элчилер регионалдык коопсуздукту, мамлекеттер аралык магистралдар боюнча транзитти жана суу-энергетика ресурстарын комплекстүү пайдаланууну камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз иш алып барышы зарыл.

Белорусия — Евразиялык экономикалык Биримдиктин алкагында биздин өнөктөшүбүз.

Азыркы тапта мамилелерди жандандырып, болгон потенциалды колдонуу керек.

Пекинге мамлекеттик иш сапар менен барып, Кытай Эл Республикасы менен алакабызды жакшыртуу тууралуу Си Цзиньпинь мырза менен натыйжалуу сүйлөшүүлөр болгон.

Кытайдан түз инвестицияларды тартып келүү, биргелешкен долбоорлорду жана региондор аралык байланыштарды күчөтүү актуалдуу.

Жарандарыбыз үчүн визалык режимди жеңилдетүү– абдан маанилүү.

Эки тараптуу кызматташтыгыбызга доо кетирүүнү көздөп жаткан күчтөр бар.

Биз буга жол бербейбиз.

Урматтуу Си Цзиньпинь мырзаны мамлекеттик визит менен ушул жылдын жай айларында күтөбүз.

Түрк Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган мырза экөөбүз бир нече ирет жолуктук, эки тараптуу расмий визиттер жасалды.

Түркияга дайындалган Элчибиз эки мамлекеттин ортосунда жетишилген маданий, гуманитардык, экономикалык келишимдерди турмушка ашыруу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында демилгелүү иш алып барат деп ишенем.

Өткөн жылдын дагы бир маанилүү окуяларынын бири — Евросоюзга жасалган жумушчу сапарым болду.

Евросоюздун жогорку жетекчилиги менен жеке байланыштар түзүлдү. Азыркы кезде Евросоюз менен кеңири кызматташуу боюнча жаңы макулдашууну даярдоо иштери аяктайын деп калды.

Кыргызстандын ВСП+ макамынын алкагында Евросоюз өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо ишин улантабыз.

2018-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна да жумушчу сапары менен бардым.

Уюмдун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында Кыргызстанда жүрүп жаткан реформалар тууралуу эл аралык коомго маалымат жеткирилди.

Мындан ары Кыргызстандын тышкы саясаттагы демилгелерин Бириккен Улуттар Уюмунун аянтчаларында илгерилетүү керек.

Улуттук стратегиябызды ишке ашыруу үчүн Уюмдун түзүмдөрү менен көп пландуу кызматташууну тереңдетүү зарыл.

Ошондой эле биздин талапкерликти Бириккен улуттар Уюмунун шайлоо органдарына коюу — артыкчылыктуу багытка ээ.

Өткөн жылы Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын сессиясы ийгиликтүү өттү.

Былтыр көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммитинде Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюну боюнча мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алганбыз.

Анын негизинде улутубуздун сыймыгы, улуу жердешибиз, залкар жазуучу, гуманист, философ, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракесин дүйнө коомчулугу менен чогуу белгиледик.

Улуу инсаныбыздын элесине арналган эл аралык Ысык-Көл форумун бир нече өлкөдөн келген коноктордун катышуусунда өткөрдүк.

Айтматовдун элесине арналган иш чаралар Бириккен улуттар уюмунда да, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө да болду.

Кереметүү Ысык-Көлдүн боюнда Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бийик деӊгээлде өттү.

Ага 80ден ашык өлкөдөн келген меймандар катышты.

Урматтуу кеңешменин катышуучулары!

Учурда Кыргызстан үч интеграциялык уюмдарга төрагалык кылууда.

Быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кеӊешине биздин өлкө төрага.

Биздин төрагалыгыбыздын алкагында Кыргызстанда бир катар маанилүү эл аралык иш-чаралар өтөт.

Алардын ичинен эң ири иш-чара — Шанхай кызматташтык уюмунун жана Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун саммити.

Россиянын, Кытайдын жана Индиянын лидерлеринин Кыргызстанга иш сапарлары күтүлүүдө.

Өлкөбүздүн эл аралык аренадагы имиджин бекемдеп, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүдө мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонуу зарыл.

Бул жалгыз гана Тышкы иштер министрлигинин гана эмес, бардык министрликтер менен ведомстволордун да милдети.

Ошондуктан кеӊешмеге өкмөттүн бардык мүчөлөрү чакырылды.

Германия, Швейцария, Франция, Венгрия жана Азербайжанга расмий иш сапарларым даярдалууда.

Алар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кызматташуу чөйрөлөрүндөгү алакабызды бекемдей ала турган иш сапарлар болот деп күтүүдөмүн.

Париж жана Рим шаарларында жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен Тышкы иштер министрлигине бекитилген бюджеттин ченеминде аталган шаарларда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу маселесин караштырууну тапшырам.

Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ишти активдештиребиз деп ойлойм.

Азыркы тапта Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жүрүп жатат.

Бул келишимди талкуулоодо эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу абзел.

Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды жакында эле Кыргызстанга кайтарылышы иштин алгылыктуу башаты болуп берди десек болот.

Бул багытта иш үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп, улантылышы керек.

Калган Батыш өлкөлөр менен экономикалык чөйрөдө кызматташуубузда кызыкчылык жараткан тармактар катары кайра иштетүү, энергетика, тоо-кен, туризм, жеңил жана тамак-аш өнөр жайын айтса болот.

Араб өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча экономикалык-инвестициялык потенциалды толук пайдаланган жокпуз.

Ар кыл долбоорлорго, өзгөчө — „Таза суу“ жана „Ирригация“ долбоорлоруна каражат тартып келүү максатында жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу максатка ылайык болот.

Банк жана каржылоо ишиндеги ислам принциптерин андан ары өнүктүрүү максатында араб өнөктөштөрдү бул багытка тартууну маанилүү деп эсептейм.

Кыргызстанда ислам принцибиндеги банкын түзүү боюнча сунуштарды күтөбүз.

Азия өлкөлөрү менен биргелешкен ишибиздин жакшы келечеги бар деп эсептейм.

Жарандарыбыздын бул региондогу өлкөлөр менен визасыз режимде каттамын камсыздоо боюнча ишти күчөтүү маанилүү.

Андан тышкары транспорт жана логистика байланыштарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү келечектүү иш болуп саналат.

Бардык деңгээлдеги эки тараптуу саясий мамилелерди активдештирүү, макулдашуулар базасын кеңейтүү, өкмөттөр аралык комиссияларды түзүү, түз авиакаттамдарды ачуу артыкчылыктуу багыттар.

Урматтуу элчилер жана консулдар!

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы эӊ маанилүү багыт — чет жактарда жүргөн жарандарыбыздын укуктарын коргоо.

Чет өлкөлөрдө жашап, окуп, иштеп жаткан мекендештерибиз үчүн өлкөнүн дипломатиялык мекемелери аларды коргой турган ишенимдүү таяныч болушу — айтпасам да түшүнүктүү.

Ар кандай курч жана күтүүсүз жагдайлар жаралган учурларда алар силерден башка кимге барат?

Ошондуктан элчиликтер менен консулдук мекемелердин эшиги күнү-түнү ачык болуп, жарандарыбыздын кызыкчылыктарын ыкчам коргоого жана муктаждыктарын канааттандырууга даяр турууга милдеттүү.

Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибиздин укуктарын коргоо жана аларга конкреттүү жардам көрсөтүү боюнча ишти жогорку деңгээлге көтөрүү милдетин коём.

Биздин жарандарыбыз көп жайгашып, эмгектенип жаткан Евразиялык экономикалык Биримдиктеги мекендештерибиздин мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу үчүн көп иштер жасалды.

Дагы да маселелер бар, бул багытта иш улантылат.

Сыртта жашаган мекендештерибиз менен экономикалык, маданий, социалдык маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө — силердин милдетиңер.

Башка мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөр, мекендештерибиздин коомдук бирикмелери жана уюмдары менен тыгыз иштегиле.

Бизди дүйнөлүк коомчулук кандай жагдай болбосун өз жарандарына кам көрүп, алардын коопсуздугуна кепил боло ала турган өлкө катары таанышы керек.

Ал үчүн элчиликтер менен консулдуктардан жогорку кесипкөйлүк талап кылынат.

»Мекен карт« улуттук демилгесин ишке ашырууну тездетүү зарыл.

Ал мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуусу үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт.

Былтыр бул боюнча Өкмөттүн алдына милдеттер коюлган, быйыл бул механизм иштей башташы керек.

Элчиликтердин жана консулдуктардын негизги милдети — Кыргызстандын жаранынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо экенин дагы бир ирет өзгөчө белгилейм.

Бул тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты.

Сыртта жашап, окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз — Кыргызстандын чыныгы инвесторлору.

Ата Мекенинин тагдырына күйүп-жанып, Кыргызстанга пайда алып келчү реалдуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр.

Былтыр мекендештердин форумуна келген биздин уул-кыздарыбыз бир топ сунуштарды билдиришкен.

Мен мекендештерибиз менен Түркияда, Москвада бир нече ирет жолуктум. Ал жактагы боордошторубуз да кайдыгер эмес.

Биз үчүн адам ресурсу баарынан кымбат. Сыртта жүргөн мекендештерибиз — биз үчүн баа жеткис чоң кенч.

Алардын демилгелерин, сунуштарын координация кылуу жолго коюлбай жатат. Алар менен ырааттуу иш алып баруу — элчилердин да негизги милдеттеринин бири.

Кийинки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Элчиликтердин дагы бир милдети — жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге чет өлкөдө убактылуу жашаган жарандарыбыздын шайлоо укугун камсыздоо.

Биздин мекендештерибиз көп жайгашкан мамлекеттерде, өзгөчө Россия менен Казакстанда иш ырааттуу, күчөтүлгөн темпте жүргүзүлүшү керек.

Жарандарыбыздын шайлоо укугун камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү — негизги милдет.

Россияда шайлоо участоктору көбөйтүлөт. Азыр өкмөт бул багытта иштеп жатат.

Чет жактардагы консулдук мекемелердин географиясын этап-этабы менен кеңейтүү, консулдук чөйрөдө заманбап маалыматтык технологияларды ишке киргизүү абзел.

Бул багытта реалдуу иштер башталды. Мисалы, ушул жылы Россиянын Новосибирск шаарында Башкы консулдук ачылды. Мекендештерибиз көп жайгашкан башка региондорунда да ачылат.

Чет жактардагы Ардактуу консулдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.

Урматтуу Элчилер жана Башкы консулдар!

Экономикалык дипломатиянын артыкчылыктуу багыттары бул — экспорттук потенциалды жогорулатуу, инвестиция тартуу жана өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо.

Энергетика, транспорттук-логистикалык мүмкүндүктөрдү кеңейтүү, таза суу жана ирригация долбоорлору, заманбап технологиялар, туризм, кайра иштетүү, жеңил жана тоо-кен өнөр-жайлары — өлкөбүздүн инвестицияга муктаж тармактары.

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Аймактарга инвестицияларды тартуу — актуалдуу милдет бойдон калууда.

Өзгөчө төмөнкү багыттарга көңүлүңөрдү бургум келет.

Энергетика чыгаруучу объекттерди реконструкциялоо, модернизациялоо жана жаңы ГЭСтерди куруу өзгөчө мааниге ээ.

2023-жылга карата электр энергиясын кошумча 385 МВттан кем эмес кубаттуулукка көбөйтүү пландары коюлду.

»Жашыл коридор« принциби боюнча транс-улуттук магистралдар аркылуу эркин жүрүүнүн режимдери жана коңшу өлкөлөр менен транзитти жөнгө салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн формалары камсыз кылынышы керек.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун участогун курууга багытталган долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарыл.

Эл аралык стандарттарга ылайык транс-улуттук автомагистралдардын айрым участокторун реабилитациялоо жана куруу пландалууда.

Региондор аралык жолдорду оңдоо жана транспорттук туңгуюктан чыгаруу боюнча долбоорлорго инвестицияларды тартабыз.

»Манас« жана „Ош“ аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү — артыкчылыктуу багыт.

»Таза-Суу« долбоорун ишке ашырып, калкты ичүүчү суу менен камсыздоого өнөктөштөрдү тартуудабыз.

Ирригация долбоорунун алкагында жаңы жерлерди өздөштүрүп, сугат суусун жеткирүүгө каржы институттары менен макулдашуу абзел.

Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасына ылайык, 46 суу чарба долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

Ушул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо булактарды табуу сиздерге дагы жүктөлгөн.

Кыргызстан жаңы типтеги — жогорку технологиялуу, компакттуу, экологиялык таза өнөр жайга муктаж.

Инновациялык экономика — өнүгүүнүн бирден бир жолу.

Ушуга байланыштуу жаңы технологияларды алып келе турган инвесторлорду тартууну приоритеттүү багыт деп аныктоого мезгил жетти.

Өтө кымбат, абдан көп адам ресурсун жана узак убакытты талап кылган заманбап технологияларды биз өзүбүз чыгара албайбыз. Бирок, өнөктөш өлкөлөр, компаниялар менен ырааттуу иштесек, ал технологияларды кечикпей колдонуу мүмкүндүгүнө ээ болобуз.

Мындан тышкары көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу жана салык жол-жоболорун ыңгайлаштыруу максатында фискалдаштыруу долбоору башталууда.

Бул долбоорду ишке киргизиш үчүн заманбап технологияларды колдонуу менен товарларды электрондук эсепке алуу, маркирлөө жана онлайн контролдук-кассалык машиналарын киргизүү каралган.

Ушул жана жалпы улуттук кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн өкмөттөр аралык комиссияларда жетишилген макулдашууларды, урматтуу элчилер, алдыга жылдыргыла.

Ар бир Элчинин милдети — мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте шаарлар менен райондордун чет өлкөлүк боордоштук (города-побратимы) алакасын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу.

Элчиликтер жана тийиштүү ведомстволор бизнес-коомчулугу менен тыгыз иштешип, алардын бизнес-өнөктөш табуусуна жана инвестицияларды тартуусуна көмөктөшүү абзел.

Өзгөчө, экспортко багытталган ишкерлерге колдоо көрсөткүлө.

Бул жерде отурган мамлекеттик органдарынын жетекчилери чет элдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен тыгыз иш алып барууга милдеттүүсүздөр.

Элчиликтерди өлкөбүздүн экономикалык, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык материалдар менен камсыздоого көмөктөшкүлө.

Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду чет өлкөлөрдө тааныштыруу үчүн сапаттуу материалдарды даярдап бергиле.

Өзгөчө көңүлдү стратегиялык маанидеги улуттук жана регионалдык долбоорлорду илгерилетүүгө, инвестициялык, кредиттик жана гранттык ресурстарды, техникалык жардамды тартып келүүгө бургула.

Ал эми дипломатиялык өкүлчүлүктөр биздин мамлекеттик органдар менен алардын чет өлкөлүк кесиптештеринин ортосунда байланыш түзүү милдетин аткарышы керек.

Кыргызстандын ар бир мамлекеттик органы чет элде эмне демилге, кандай иш жасап жатканы — Тышкы иштер министрлигине маалым болушу абзел.

Чет өлкөдө аткарыла турган иштер Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуунун негизинде гана жүргүзүлүшү абзел.

Урматтуу элчилер жана консулдар!

Азыр дүйнө жүзүндө олуттуу өзгөрүүлөр болууда.

Ири державалардын ортосундагы карама-каршылыктар тереӊдеп баратат.

Санкциялардын „согушу“ күчөп, соода тоскоолдуктары көбөйүп, биздин өлкөбүзгө да таасир тийгизе турган чакырыктар жаралды.

Эл аралык кырдаал ушундай олку-солку болуп турган учурда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн миссиясы өзгөчө.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен биздин мындан аркы мамилебиз — көбүнесе элчилердин жана консулдардын ишине жараша болот.

Силерге чоң ишеним жүктөлгөн.

Кыргызстандын жүзүн дүйнөлүк коомчулук силер аркылуу көрөт.

Тилекке каршы, чет элдеги өкүлдөрүбүздүн баарынын эле иши жакшы дегенге болбойт.

Кээ бир элчилер менен консулдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткара албай жатат.

Айрым дипломатиялык мекемелерибиз улуттук кызыкчылыктарыбызды эл аралык аренада илгерилетүү боюнча иштерди жетиштүү жүргүзө алган жок.

Мамлекеттин тышкы саясатын ишке ашыруу, анын ичинде, дагы бир жолу айтам, чет жердеги жарандарыбыздын укуктарын коргоо багытын жакшыртуу зарыл.

Биздин Элчиликтер менен Башкы консулдуктардын кызматкерлери, жарандарыбызга тийиштүү көңүл бурбай, айрым учурда орой мамиле жасап, өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылганына нааразы болгон учурлар бар.

Жалпысынан алганда, көнүмүш иштер жүрүп жатат, бирок ал жетишсиз.

Ошондуктан өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-аракеттерди натыйжалуу жүргүзүү талап кылынат.

Бул иште эмнеге таянабыз, кайсы багытта кандай ишти жүргүзүү зарыл экенин айта кетейин.

Тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленди.

Кыргыз Республикасынын жаңы Тышкы саясат концепциясы бекитилди.

Анда негизги принциптер, улуттук кызыкчылыктар жана милдеттер аныкталды.

Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип сакталат — ал өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу.

Стратегиялык өнөктөштөр жана коӊшу мамлекеттер менен достук мамилени чыӊдоого, экономикалык дипломатия чөйрөсүндөгү прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүгө өзгөчө маани берилет.

Албетте, ушул документтерди бардык чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин башчылары өз ишинде жетекчиликке аласыңар.

Булар силер дайыма колдончу иш кагазыңар болушу керек.

Алардын алкагында ар бир элчиликтин негизги максаттары, конкреттүү милдеттерин аныктайбыз.

Жогорку Кеӊештин тиешелүү комитеттери, парламент аралык депутаттык топтору менен тыгыз иш-аракет жүргүзүү да маанилүү.

Урматтуу министрлер жана ведомстволордун жетекчилери!

Натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүү үчүн өлкөнүн дипломатиялык корпусу күчтүү болушу керек.

Биз тар ведомстволук эмес, жалпы өлкөнүн — Кыргыз Республикасынын алдындагы максаттарга жетүүнү көздөйбүз.

Ал үчүн бирдиктүү, координацияланган тышкы саясатты карманабыз.

Тышкы саясатты башкаруу системасын жакшыртуу — маанилүү багыттардын бири.

Тышкы иштер министрлиги учурдун чакырыктарына ыкчам жооп берүүгө жөндөмдүү болуш үчүн жаӊыча иштөөгө тийиш.

Эл аралык кырдаалга сапаттуу анализ жүргүзүү жана дүйнөдө орун алып жаткан тенденцияларды туура баамдоо — замандын талабы.

Андыктан ар бир өнөктөш өлкө жана эл аралык уюмдар боюнча эки тараптуу кызматташуунун Стратегияларын иштеп чыгууну тапшырам.

Элчилердин жана Башкы консулдардын үч жылдык конкреттүү милдеттери жана алардын ишмердүүлүгүн баалоо критерийлери кечиктирбей бекитилсин.

Бүгүнкү форматтагы жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп, бул милдеттердин аткарылышына жана жасалган иштерине баа берилет.

Дипломатиялык кызматынын кадрдык дараметин системалык негизде такай жогорулатып турууга өзгөчө көңүл буруу милдетин коём.

Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын тереӊ түшүнүп, аларды эл аралык аренада илгерилетүүгө жөндөмдүү, билими тереӊ, чет тилдерди өздөштүргөн жаш кадрлар менен дипломатиялык корпусту толуктоо — учурдун жана келечектин талабы.

Дагы бир олуттуу жагдай, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ишмердүүлүгүнүн форматын өзгөртүү керек.

Муну менен аналитикалык жана изилдөөчүлүк ишти түп-тамырынан бери күчөтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Дипакадемия — тышкы саясат жаатындагы жана жалпы эле эл аралык мамилелер боюнча аналитикалык материалдар менен камсыз кылып тура алгыдай олуттуу аналитикалык борбор болуу дарамети бар.

Урматтуу элчилер, сиздер мамлекеттин жүзүсүңөр.

Силер аркылуу дүйнө коомчулугу мамлекетибизди таанып билет.

Кээ бир элчиликтердин кызматкерлери дипломаттык статусун пайдаланып, мыйзамсыз иштер менен алектенген фактылар болгон.

Катардагы кызматкер эмес, айрым элчилердин өздөрүнүн дагы жүрүм-туруму алардын жогорку статусуна, элдин атынан чет жерде өкүл болууга татыктуу эмес.

Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экендигин көрсөттү.

Дипломатияда ага окшоп адашып келип калган адамдарга орун жок болушу керек.

Элчи, бул албетте, саясий кызмат.

Кыргызстандын гана эмес, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында да Элчиликке дасыккан мамлекеттик, саясий, коомдук ишмерлер дайындалган учурлар бар.

Көпчүлүгү табиятынан мыкты дипломат экенин көрсөтсө, тилекке каршы, ишенимди актабаган учурлар да бар.

Дипломат — өзүнүн абийирин жана өлкөнүн намысын бийик туткан инсан болушу абзел экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салам.

Кыргыздын тарыхында өз Мекенине, элине ак ниет кызмат кылган элчилер өткөн. Алар капилеттен сөз тапкан чечен, кара кылды как жарган калыс, мекенчил, ички маданияты бийик, эл ичинен чыккан тубаса дипломат болушкан.

Ошондуктан биздин эл илгертен элчилерге терең сый-урмат менен мамиле кылып келген. „Элчи менен ырчыга өлүм жок“ деп бекеринен айтылган эмес.

Бул сөз — тарыхый кыйчалыш учурларда, журт башына кыйынчылык түшкөндө ортого элчилер түшүп, журт кызыкчылыгын коргоп келишкенин тастыктап турат.

Атактуу Жусуп Баласагын бабабыз жазгандай, „Элчиге өзгөчө бир сапат керек,

Билими, илими артык болгону эп“.

Бүгүнкү замандын элчилери, силердин да вазийпаңар өтө бийик жана жооптуу.

Урматтуу дипломаттар!

Азыркы татаал дүйнөлүк кырдаал баарыбызга жаңы талаптар менен милдеттерди коюуда.

Эл аралык кырдаал өзгөрүлмө болуп турган шартта биздин дипломатиялык кызматыбыз мурдагыдан да натыйжалуу, максаттуу иш алып барышы керек.

Эл аралык терроризм, экстремизмдин масштабдарынын кеңейиши, трансулуттук кылмыштуулук, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адамдарды сатуу — ырааттуу, сабаттуу тышкы саясат жүргүзүүнү талап кылат.

Эл аралык террор уюмдардын катарына согуштук иш-аракеттерге катышкан адамдардын кошулушу — улуттук жана регионалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратууда.

Мындай кырдаалга өнөктөш өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен бирдиктүү иш алып баруу менен гана туруштук беребиз.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Силерге жүктөлгөн милдет-максаттарды татыктуу аткарасыңар деп ишенебиз.

Силерде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине зарыл болгон саясий жана турмуштук тажрыйба, билим бар. Кесипкөй адиссиңер.

Өзүңөр иштеп жаткан мамлекеттердин тажрыйбасын эске алып, берген сунуштарыңар мамлекет үчүн чоң пайда алып келет.

Кыргызстандын кызыкчылыктарын татыктуу коргоп, мекенчилдигиңерди, жарандык позицияңарды, аракетиңерди көрсөтүп, өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымыңарды мындан ары да кошосуңар деп ишенебиз.

Ар бириңер элибиздин бакубат жашоосу, өлкөбүздүн келечеги үчүн Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы таламдарын татыктуу, ар-намыстуулук менен коргойсуңар деген ишеним бар.

Урматтуу Элчилер жана Башкы консулдар!

Быйылкы жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнө 75 жыл толот.

Буга байланыштуу дипломатиялык кызматтын бардык кызматкерлерин куттуктайм.

75 жылдык мааракени күзүндө, 24-октябрда сиздердин кесиптик майрамга карата Кыргыз дипломатиясынын ардагерлеринин катышуусунда белгилейбиз деп пландаштырдык.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Кыргыз дипломатиясынын тарыхы жүздөгөн жылдарды камтыйт.

Өз өлкөсүнө кызмат кылуунун байыртан келе жаткан көөнөрбөс салттарына таянуу менен өнүгүп келе жатат.

Сиздер ошол көөнөрбөс салттарды сактап, жаңы замандын шарт, талабына жараша татыктуу улантат деп ишенебиз.

Баарыңарга бекем ден-соолук, ийгилик каалайм.»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: