Menu

Курсан Асанов, ИИМдин орун басары: “Жат көрүнүштөргө мен да каршымын”

Бөлүшүү:

Кечээ Жогорку Кеңеш 8-мартта Бишкекте митинг уюштургандар жана алардын максаты тууралуу күч органдарынын маалыматын укту. Айрым депутаттар «бул митинг кыргыздын, улуттун уңгусуна балта чапкан митинг болду. Аны кимдер, эмне максат менен, кимге каршы уюштурду?» деген суроолорго жооп алуу үчүн Жогорку Кеңешке УКМК, ИИМдин өкүлдөрү чакырылды. Эл өкүлдөрүнө маалымат берген ИИМ орун басары Курсан Асановду кепке арттык.

– Курсан мырза, 8-марттагы жүрүштүн мыйзамдуулугуна укуктук баа берүү депутаттардын талабы болууда. Бул боюнча ИИМ кандай иш алып барууда?

– 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Көпчүлүк депутаттар ошол жүрүшкө укуктук баа берилишин талап кылып, күн тартибине маселени киргизишиптир. Бизди чакырышты. Келип, болгон маалыматтарды бердик.

– Жүрүштү өткөрүүдө мыйзам бузуу барбы?

– Акциянын өзүн өткөрүүдө мыйзам бузуу болгон жок. Баары мыйзам чегинде өткөн. Аянтта өткөрүү үчүн мэриядан да уруксат берилген. Иш-чаранын аягына чейин тиешелүү органдар, анын ичинде ИИМ да өз милдетин аткарды. Бул жерде кеп башкада болуп жатат. Кеп кылым карыткан кыргыз элинин үрп-адаттарына, салттарына жат көрүнүштөрдүн жана биздин элдин маданиятына таптакыр карама-каршы сөздөр менен лозунгдардын көтөрүлгөнүндө болууда. Туура, жат көрүнүштөрдү болтурбашыбыз керек. Мен да ал сыяктуу акциялардын өтүшүнө каршымын. Курманжан датка энебиз – кыргыз аялзатынын эталону. Анын сүрөтүн феминисттердин көтөрүп чыгышы да туура эмес. Батышта, Европада мындай аракеттер кадимки көрүнүш, туура кабыл алынат. А биздин өлкө Кыргызстан.

– Эми ага кандай баа берилмекчи, кандай тапшырмалар болду?

– Күч структуралардын баарына атайын тапшырмалар берилди. Кандай чаралар каралары да иштелип чыгат.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: