Menu

Калайык, биз кандай абада дем алып жатабыз?

Бөлүшүү:

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик дрон жана атайын аппараттардын жардамы менен Бишкектин айрым аймактарынын абасын текшерип көрдү. Натыйжада көп жерде азот диоксидинин нормадан ашыкча (1,07ден 1,9 эсеге чейин) экени аныкталган. Жибек Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде күкүрт суутеги 1,1 эсеге көп болуп чыккан. Ал эми Месарош менен Абдраевдин, Аул менен Элебесовдун, Салиева менен Веселая көчөлөрүнүн кесилиштеринде 3,6 эсе жогору экен.

Толстой менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишкен жеринде азот диоксиди 1,4төн 1,6 эсеге чейин экени айтылды. Бакай-Ата конушунда бул көрсөткүч 1,27 эсени көрсөтөт. Мындан тышкары, Рухий Мурас, Бакай-Ата, ГЭС-2 жана Энесай конуштарында абал кейиштүү экени аныкталды. Агенттиктин маалыматы боюнча абаны кирдеткен бирден-бир негизги булак – автотранспорт. Унаадан чыккан уулуу заттарга атмосфераны булгаган нерселердин 90 пайызы туура келет.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: