Menu

Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы жети жарым жылга соттолду

Бөлүшүү:

Вашингтон соту АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту үч жарым жылга эркинен ажыратты. Ал Кошмо Штаттарга каршы көмүскө бүтүмгө барууга жана Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин кызыкчылыктарын мыйзамсыз колдоого күнөөлүү деп табылды.

Бул иштин алкагында Манафортко атайын прокурор Роберт Мюллерге жалган көрсөтмө берген жана Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү боюнча иштеги күбөлөрдү коркуткан деген айыптар тагылган. Жараяндын жүрүшүндө Манафорт өз аракеттери үчүн соттон кечирим сурап, ырайым кылуусун өтүндү.

Өткөн жумада Виржиния соту Украинада саясий кеңешчи болуп иштеп жүргөн кездеги каржы жана салык кылмыштары үчүн Манафортту дээрлик төрт жылга соттогон.

Кирешелердин мыйзамсыз схемалары атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү маалында ачыкка чыккан. Манафорт бул айыптоолорду мойнуна алган. АКШда Дональд Трамп мурдагы кеңешчисине ырайым бериши мүмкүндүгү болжолдонууда. Ай үйдөн президент бул боюнча чечимди «даяр болгондо кабыл ала турганын» билдиришти.м

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: